Бишкекте үч эм төрөлдү
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 35 жаштагы келин пландалган операция жолу менен үч уулду жарык дүйнөгө алып келди. Учурда ымыркайлардын абалы туруктуу деп бааланууда, эненин абалы да жакшы.









