Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россиянын борбору Москва шаарына сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, иш сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда. Алдыда дагы кошумча маалымат берилет.

Ош шаарында 700 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ош шаарындагы Ишкаван айылына үч кабаттуу мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда.   Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да атайын шарттар каралат. Анда 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, лаборатория, ашкана, китепкана, 300 көрүүчүгө чакталган… Кененирээк…

Гимн боюнча комиссия жаңыланды

Гимндин текстин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектемей болду. Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси чыкты.   Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, илимпоз филологдор, белгилүү композитор, дирижер жана маданият кызматкерлери… Кененирээк…

Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолун реконструкциялоо иштери башталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолун реконструкциялоо иштери башталды.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билиришкендей, долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды салуу, жарык берүүчү чырактарды орнотуу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу иштери камтылган.   Жол куруу иштери… Кененирээк…

Салык кызматы 21 миңден ашык ишкерди тизмеден чыгарат

Ведомство иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каттоосун мажбурлап жокко чыгарууну улантат.   Бул иш-чаранын алкагында Салык кызматынын расмий сайтында жаңы тизме жарыяланды. Анда жалпы 21 миң 584 салык төлөөчү бар. Анын 8 миң 712син юридикалык жак, 12 миң 872син жеке ишкер түзөт.   Бир… Кененирээк…

Таласта 70 чакырым электр чубалгылары заманбап СИП кабелдерине алмаштырылат

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган иштер май айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлүп, шаарды жана төрт районду тең камтыйт.   Бүгүнкү күндө Талас электр тармактар ишканасына керектүү СИП кабелдери толук алынып келинип, тиешелүу жерлерге бөлүштүрүлүүдө.

«Баатыр энелердин» балдарынын билим алуусуна жеңилдик берилет

Жогорку Кеңеш тиешелүү токтом долбоорун колдоду.   Документ «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо, үй-бүлө институтун чыңдоо максатында сунушталган.   Мындай чечим өлкөнүн демографиялык өсүүсүнө өбөлгө түзүүнү шарттай турганы белгиленди.  … Кененирээк…

Ош шаарында Oxford мектеби ачылышы мүмкүн

Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, бул багытта тиешелүү тараптар менен сүйлөшүү жүрдү.   Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат.   Аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар аркылуу окутат. Бул бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.   Бирок мектепти… Кененирээк…

Чоң Чүй каналынын жээгинде сейил бак курулат

Чоң Чүй каналынын жээгинде сейил бак курулат. Мэриядан билидиришкендей, каналдын жээгиндеги аймакта пайда боло турган эс алуу зонасы үчүн пилоттук тилкелер аныкталды.   Учурда каналдын жээгинде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, жээктер бекемделип, коопсуздук деңгээли жогорулатылууда.

Биринчи класстарга балдарды кабыл алууда экзамен, тесттер тапшырылбайт

Биринчи класстарга балдарды кабыл алууда экзамен, тесттер тапшырылбайт.   Бул тууралуу Агартуу министрлиги эскертет. Ведомстводон белгилешкендей, жашы жеткен балдар катталган дареги боюнча тиешелүү мектепке автоматтык түрдө катталат.   Бул биринчи этапта мүмкүн болот. Ал эми экинчи тур 1-июнда башталып, анда  ата-энелер балдарын каалаган мектепте бош… Кененирээк…