Баткен шаарынын Аэропорт участогунда жаңы мектептин курулушу аягына чыгып калды

Баткен шаарынын Аэропорт участогунда жаңы мектептин курулушу аягына чыгып калды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү имараты 225 окуучуга ылайыкталган.   Анда окуу класстарынан тышкары китепкана, акты зал, эмгек кабинети, компьютердик класс, ашкана жана лифт бар. Ошондой эле волейбол, баскетбол жана футбол аянтчалары курулган. Учурда… Кененирээк…

2030-жылга чейин Сокулук жана Панфилов райондорундагы 28 айыл таза суу менен камсыздалат

2030-жылга чейин Сокулук жана Панфилов райондорундагы 28 айыл таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, натыйжада эки райондун 100 миңге жакын тургуну коопсуз суу менен камсыздоого жеткиликтүү болот.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда ел жүрүү коркунучу бир жума бою сакталат

Өлкөнүн тоолуу райондорунда ел жүрүү коркунучу бир жума бою сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, буга нөшөрлөп жааган жаан жана аба табынын жогорулашы себеп болот.   Жаан-чачын ошондой эле дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Жарандарга сак болуу сунушталат.

Бүгүнтөн тарта Ош — Кашгар — Ош аба каттамы кое берилди

Бүгүнтөн тарта Ош — Кашгар — Ош аба каттамы кое берилди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учактар жумасына бир жолу, шейшемби күндөрү каттайт.   Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт. Жаңы аба каттамы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы байланышты бекемдеп, туризм жана соода тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат.   Мамлекеттик Чек ара кызматы маалымдагандай, кытай тараптын демилгеси менен Эмгек майрамын майрамдоого байланыштуу 30-апрелде кечки саат 10дон тартып “Эркечтам”, “Торугарт” чек ара бекеттери жабылат. 2-майда, таңкы 8ден тартып ишин жандантат.   Ал эми “Бедел” өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда чет элдик таксисттер мамлекеттик тилди билүүсүн тастыкташы керек

Кыргызстанда чет элдик таксисттер мамлекеттик тилди билүүсүн тастыкташы керек.   Ички иштер министрлиги мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштады. Ага ылайык, эми КМШ мамлекеттеринин жарандарынан башка чет элдиктер ишке орношууга уруксат алуу үчүн кыргыз же орус тилин билүүгө тест тапшырат.   Ведомство каттоону жөнөкөйлөтүүнү дагы сунуштоодо, алсак, арыздар,… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16-май жана 20-майда жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16-май жана 20-майда жүргүзүлөт.   Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоо күндүзгү саат 1ден 5ке чейин Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо администраторлор тарабынан аткарылат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзү 17-майдан 23-майга чейин болот. Тестке кирүү… Кененирээк…

Быйылкы Курман айт 26 же 27-майга туш келиши мүмкүн

Быйылкы Курман айт 26 же 27-майга туш келиши мүмкүн. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так дата майрамга жакын аныкталарын билдирди. Курман айт — исламдагы эң негизги майрамдардын бири.   Ал орозо аяктагандан кийин 70 күндөн соң белгиленет. Бул күнү айт намазы окулуп, курмандык чалынат. Эске салсак,… Кененирээк…

Узундугу 120 чакырымды түзгөн Нарын – Баетов жолу жаңыланууда

Узундугу 120 чакырымды түзгөн Нарын – Баетов жолу жаңыланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө  8-13-чакырымга чейинки аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат.   Калган тилкелерде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө. Белгилеп кетсек, Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу … Кененирээк…

Алай районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун суу каптады

Алай районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун суу каптады.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 27-апрелде кокту-колоттон жүргөн сел Гүлчө шаарындагы 25 үйдүн короосун, бир үйдүн ичин каптады. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок, абал туруктуу.