Майрам күндөрү Бишкек автобекетинде каттамдардын саны көбөйөт
Май майрамдарына карата Бишкек автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш күндөрү Ысык-Көл жана Нарын багыттарына 100гө чукул унаа чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт. Бишкек шаарындагы автобекет таңкы саат 7ден түнкү 11ге чейин иштейт. … Кененирээк…









