Садыр Жапаровдун Астанага иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 28-29-майда Астана шаарына болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин делегация башчылары, байкоочулар жана ардактуу коноктор менен бирге V Евразия экономикалык форумунун ишине катышты. Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөп, жасалма интеллект мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар Монголияда рейтингдик мелдешке катышат

3-8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттук күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат. Эл аралык рейтингдик турнирде дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген балбандар күч сынашат.… Кененирээк…

Жети-Өгүздүн Ак-Кочкор айылында заманбап мектеп курулду

Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында 150 орундуу заманбап мектеп курулду. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 87 миллион сомду түздү.   Долбоорго ылайык, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт зал салынды.   Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 300дөн ашык окуучу билим алат.

Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн саат 14:15те Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан түштүккө карай 10 чакырым, Ничке айылынан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым, Манас шаарынан түндүк-чыгышка карай 110 чакырым жана Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 150 чакырым… Кененирээк…

Дүйнөдө эң баалуу жарандыкка ээ өлкөлөр аталды

Лидер болуп Ирландия чыкты.   Аналитиктер визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн гана эмес, жашоо сапатын, коопсуздукту жана финансылык туруктуулукту да баалашкан.   Тизмеге ошондой эле Швейцария, Дания жана Германия кирди. Негизги тренд — жарандыктын капиталды жана үй-бүлөнү коргоо куралына айланышы болууда.

Арча-Бешик конушундагы мектепке 570 орундуу кошумча корпус курулууда

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектепке кошумча 570 орундуу окуу корпусу курулууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.   Объекттин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган. Учурда үчүнчү кабаты көтөрүлүүдө.   Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 1 миң 200гө жакын окуучунун билим… Кененирээк…

Бишкекте майыптыгы бар балдардын ассистенттери автобуста акысыз жүрө алат

Шаардык кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, мындай укук ордо калаада туруктуу каттоосу бар, 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жеке ассистенттерине берилет.   Жеңилдетилген транспорттук картаны тариздөө үчүн мэрияга кайрылса болот.   Белгиленгендей, жеке ассистенттер балдарды күн сайын билим берүү, медициналык, спорттук жана чыгармачылык мекемелерге… Кененирээк…

Бийлик шаарларды жана калктуу пункттарды жашылдандырууну пландап жатат

Бул максатты ишке ашыруу үчүн 2026-2030-жылдарга карата Улуттук программанын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы жылдары өлкөдө, айрыкча ири шаарларда жашыл аймактардын көлөмү азайып жатат. Мисалы, Бишкекте бир адамга болгону 5-7 чарчы метр жашыл аянт туура келет, ал эми норма… Кененирээк…

АКШда Дональд Трамптын сүрөтү менен доллар чыгаруу демилгеси көтөрүлдү

АКШнын Каржы министрлиги Дональд Трамптын сүрөтү менен 250 долларлык жаңы купюраны чыгаруу демилгесин көтөргөнүн The Washington Post жазды.   Эгер бул идея жактырылса, Трамп акыркы 150 жыл ичинде тирүү кезинде доллар банкнотунда сүрөтү түшүрүлгөн биринчи адам болуп калат.

Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо аяктады

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча ири долбоор аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык программа 2013-жылдан 2025-жылга чейин жүрдү. Аны Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Россиянын мамлекеттик корпорациясы биргелешип ишке ашырды.   Анын… Кененирээк…