Ош шаарында 3 жаңы кичи футбол талаасы пайдаланууга берилди
Ош шаарында 3 жаңы кичи футбол талаасы пайдаланууга берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылган спорттук жайлар Сай-Боюу көчөсүндө, №27 жана №21 мектептерде жайгашкан. Стадиондор жаштардын футбол ойноосу үчүн бардык шарттар менен камсыздалып, курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.






