Кыргызстанда студенттерге 7 миң орундуу жаңы тогуз жатакана салынат
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен маалым болгондой, объекттер өлкөнүн беш облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында пайда болот. Белгиленгендей, учурда студенттик жатаканаларды куруу боюнча жер тилкелери аныкталып, инженердик-изилдөө иштери аткарылып, долбоор алдындагы жана архитектуралык чечимдер иштелип чыкты.









