Бишкек мэриясы жаңы конуштар үчүн 625 автобус сатып алат

Бишкек мэриясы жаңы конуштар үчүн 625 автобус сатып алат.   Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, жаңы конуштарда жолдор тар жана кууш болгондуктан, 10-12 метрлик автобустардын жүрүшү кыйын болууда.   Андыктан, күзүндө ордо калаага 8 метрлик автобустар жеткирилет. Белгилеп кетсек, шаарда күн сайын… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде 19-майдан 23-майга чейин сел жүрүп, жолдордо таш, топурак түшүшү мүмкүн

Республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде 19-майдан 23-майга чейин сел жүрүп, жолдордо таш, топурак түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.   Буга жаан-чачын жана аба ырайынын өзгөрүп турушу себеп болот. Ведомство унаа менен сапарга чыккандарга жолдо жүрүү эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.

Нарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Нарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу имаратта балдар үчүн бардык шарттар каралат. Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 108 миллион сом бөлүнгөн. Учурга карата имараттын биринчи кабаты тургузулуп жатат.

Чолпон-Ата шаарында демонтаждалган аттракциондор паркынын ордуна заманбап сквер курулат

Чолпон-Ата шаарында демонтаждалган аттракциондор паркынын ордуна заманбап сквер курулат.   Калаа жетекчиси Рустам Кадыркулов билдиргендей, буга чейинки объект көптөгөн бузуулар менен мыйзамсыз иштеп келген жана техникалык талаптарга жооп берген эмес.   Конструкциялар алынгандан кийин аймак толугу менен тазаланып, иретке келтирилди. Учурда аны көрктөндүрүү боюнча иштер… Кененирээк…

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн ысыкта галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом жарыяланды

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн ысыкта галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом жарыяланды.   Президент администрациясынан такташкандай, мындай чечим кызматкерлер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга жана электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган. Анткени, костюм менен ысыган кызматкерлер иш бөлмөдөгү кондиционерлерди максималдуу деңгээлде иштеткен учурлар кездешет.   Ошондой эле министрлер… Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна 214 үй түрттүрүлөт

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна 214 үй түрттүрүлөт. Бул тууралуу Транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.   Анын айтымында, 191 турак-жай Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашса, калгандары Нарын облсусунун аймагына туура келет. Чиновник белгилегендей, жарандардын мүлкүн баалоо жүргүзүлдү. Компенсация чегерүү үчүн… Кененирээк…

Оштун Сары-Зоо конушунда 1 миң орундуу мектептин курулушу жүрүүдө

школ Оштун Сары-Зоо конушунда 1 миң орундуу мектептин курулушу жүрүүдө.   Имарат үч кабаттуу болуп, 5 окуу блоктон турат. Учурда курулушта 70 адам эки смена менен иштеп жатат.   Долбоор республикалык бюджеттен каржыланган. Жергиликтүү бийликтен буга чейин билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ош мектептеринде орун жетишсиздиги боюнча… Кененирээк…

Шарп ылаңына каршы Россиядан алып келинген 1 миллион доза вакцина аймактарга таратылды

Шарп ылаңына каршы Россиядан алып келинген 1 миллион доза вакцина аймактарга таратылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Дары акысыз берилип, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гана төлөм алынат.   Күзгө чейин дагы 3,5 миллион доза вакцина келиши күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, жаныбарларды коргоо боюнча россиялык илим-изилдөө… Кененирээк…

Кыргызстан эбола вирусуна байланыштуу алдын алуу чараларын күчөттү

Кыргызстан эбола вирусуна байланыштуу алдын алуу чараларын күчөттү.   Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, өлкө аймагында эбола ысытмасынын учурлары катталган жок.   Инфекциянын өлкөгө кирүү коркунучу учурда төмөн деп бааланат. Буга карабай министрлик биологиялык коркунучтарга каршы тармактын даярдыгын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө. Мамлекеттик… Кененирээк…

Бишкекте 28-майдан тарта жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет

Бишкекте 28-майдан тарта жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Чара августтун аягына чейин күчүндө болуп, ысык аба-ырайында жол катмарын коргоого багытталган.   Чектөөлөр аба табы 28 градустан жогору болгондо киргизилет. Өзгөчө көзөмөл жаңы оңдолгон көчөлөрдө жүргүзүлөт. Милиция жана муниципалитет кызматкерлери тыюунун аткарылышына рейд өткөрөт. Зарыл… Кененирээк…