Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104  миң 700 адамды түзөт

Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104  миң 700 адамды түзөт. Мындай маалымат иш менен камсыз кылуу жана эмгектин келечеги тууралуу форумда айтылды.   Ал эми жумушсуздуктун жалпы деңгээли өлкө аймагында  3,7 пайызга жетет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги буга чейин өлкөдө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү… Кененирээк…

Өлкөдө 3-класстын окуучуларына математика боюнча жаңы китептер чыгарылды

Өлкөдө 3-класстын окуучуларына математика боюнча жаңы китептер чыгарылды.   Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 348 миң даана китеп басылды. Окуу куралдары кыргыз жана орус тилдеринде билим берүүгө ылайыкталып, эки бөлүктөн турат.

Бишкекте быйыл 33 жаңы мектеп курулат

Бишкекте быйыл 33 жаңы мектеп курулат.   Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, учурда 20 мектеп курулуп жатат. Андан тышкары, дагы 12 билим берүү мекемеси Сауд Арабия фонду аркылуу, бир мектеп Россиянын колдоосу менен курулууда.   Ошондой эле мэриянын эсебинен үч мектеп… Кененирээк…

Парламент телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды

Парламент телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Жогорку Кеңеш телекоммуникациялык тармактардагы көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.   Ага ылайык, укук коргоо жана коопсуздук органдары кылмыштарды ачуу жана тергөө иштеринин алкагында телефон сүйлөшүүлөрүн угуу, үн жаздыруу, камералар аркылуу байкоо жүргүзүү, интернет… Кененирээк…

Алай районунун Нура айылында ири логистикалык борбордун курулушу башталды

Алай районунун Нура айылында ири логистикалык борбордун курулушу башталды.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга Кытай компаниясы  430 миллион доллар инвестиция салат.   Борбордо көмүрдү байытуучу эки фабрика иштейт. Ошондой эле Текелик кенинен “Эркечтам” өткөрмө пунктуна чейин көмүр ташуучу ленталуу конвейер курулат. Анын жалпы… Кененирээк…

Бишкекте №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу уланууда

Бишкекте №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, объект 500 окуучуга ылайыкталган. Жаңы корпуста окуу класстары, спорт, акты залдары, ашкана, дарыгердин кабинети, музыка класстары каралат. Ал эми аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, 100 метрлик чуркоо тилкеси жана жашыл… Кененирээк…

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында өлкө мектептери жаңы муундагы китептер менен толугу менен 3 жылдын ичинде камсыздалат

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында өлкө мектептери жаңы муундагы китептер менен толугу менен 3 жылдын ичинде камсыздалат.   Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, быйыл окуу куралдарын басып чыгарууга 744 миллион сом каралган. Жаңы китептер сатылбайт, окуучуларга ижарага берилет, —… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү иштеп баштайт

Бүгүнтөн тарта Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү иштеп баштайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.   Алар  “Кадамжай”, “Чечме” жана “Ак-Кыя” пункттары. Өткөрүү түйүндөрүнүн иш тартибин өзгөртүү жайкы туристтик сезон учурунда чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды… Кененирээк…

Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Буркан көмүр кени иштетилип баштайт

Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Буркан көмүр кени иштетилип баштайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Кенден жыл сайын  900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда.   Андагы кара отундун жалпы запасы 42 миллион тоннадан ашат. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү  25 миллион долларды түзөт. Кендин ишке… Кененирээк…

Таш-Көмүр ГЭСинде масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө

Таш-Көмүр ГЭСинде масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө. Негизги максат алдыдагы кыш айларында калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат.   Учурда адистер тарабынан станциянын коопсуздугун арттыруу максатында техникалык жумуштар аткарылып жатат. Иштер атайын бекитилген график менен жүрүүдө жана үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына… Кененирээк…