Чолпон-Ата айланма унаа жолунун курулушу уланууда

Чолпон-Ата айланма унаа жолунун курулушу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу   15,5 чакырымды түзүп, 4 тилкелүү болуп курулууда.   Курулушта 123 атайын техника жана жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Долбоор боюнча 45 суу өткөрүүчү түтүк каралган. Ал эми көпүрөдө тирөөчтөрдүн астын казуу иштери… Кененирээк…

Криштиану Роналду Португалиянын дүйнө чемпионатына бара турган акыркы курамына кирди

Криштиану Роналду Португалиянын дүйнө чемпионатына бара турган акыркы курамына кирди. Чабуулчу ушуну менен карьерасында алтынчы ирет дүйнө биринчилигине барганы турат — бул футбол дүйнөсүндө абсолюттук рекорд болуп эсептелет.   Роналду биринчи жолу чемпионатка 2006-жылы катышкан. Ошондон бери калтырбай катышууда. Белгилеп кетсек, форвард улуттук курамалардын тарыхында… Кененирээк…

Чубак ажы Жалиловго Кыргыз эл баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Чубак ажы Жалиловго Кыргыз эл баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жалилов диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылды.

Кыргызстанда бийик тоолуу райондордун тургундары үчүн пособиени  29 миңдей адам алат

Кыргызстанда бийик тоолуу райондордун тургундары үчүн пособиени  29 миңдей адам алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, төлөм бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда жана өзгөчө макамы бар чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларына берилет.   Пособие үчүнчү жана андан кийинки төрөлгөн балага 3 жашка… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда селден жабыркаган райондор текшерилип жатат

Жалал-Абад облусунда селден жабыркаган райондор текшерилип жатат.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сел буга чейин нөшөрлөп жааган жаандан кийин Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Манас шаарында жүргөн.   Ведомство адистери жергиликтүү бийлик менен биргеликте кайра калыбына келтирүү иштеринин көлөмүн аныктоодо. Ошондой эле кооптуу делген тилкелерде… Кененирээк…

Ноокатта 225 орундуу мектеп жыл аялына чейин пайдаланууга берилет

Ноокатта 225 орундуу мектеп жыл аялына чейин пайдаланууга берилет.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект Каранай айылында жайгашат. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 млн сомду түзөт.   Башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Анда окуу класстары, ашкана,… Кененирээк…

Кыргызстанда ажылык сапардын процесси санариптештирилет

Кыргызстанда ажылык сапардын процесси санариптештирилет. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков билдирди.   Анын айтымында, ажылык сапарга бара тургандар каттоодон өтүп, акча төлөөгө чейинки бардык процес электрондоштурулат. Бул үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат.

Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга Садыр Жапаров кол койду

Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүү укуктарына ээ болот. Ал эми уу коргошунду үйлөрдүн жана социалдык… Кененирээк…

Кыргызстанда эми үйлөрдүн чатырларына күн панелдерин жеңилдетилген шартта орнотууга мүмкүн

Кыргызстанда эми үйлөрдүн чатырларына күн панелдерин жеңилдетилген шартта орнотууга мүмкүн.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.   Анын айтымында, күн панелдери үйдүн муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүрүп, борбордук тармактан керектөөнү азайтат. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекетке жогорулатылган… Кененирээк…

Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды

Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу “Жол кыймылына уруксат берүү институту” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочулук боюнча практикалык сабактар 70 сааттан 30 саатка чейин түштү. Бир сааттык практика Бишкек менен Ош шаарларында 950 сом, ал эми аймактарда… Кененирээк…