Бишкек менен Чүйдү жамгыр менен шамал каптайт

Синоптиктер эскерткендей, мындай аба ырайы бүгүн кечинде башталат.   Метеорологдордун божомолу боюнча, күндүн экинчи жарымында ылдамдыгы секундасына 14-17 метрге жеткен шамал күтүлөт.   Эртең температура 19 градустан жогору көтөрүлбөйт, ишембиде дагы салкын болуп, аба табы болгону +14 градус болот.

10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см чейин түштү

Акыркы 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см чейин түштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.   Ал белгилегендей, Ысык-Көлдүн тегерегинде тамчылатып сугаруу системасын киргизүү керек. Ошондо көлгө куюп жаткан… Кененирээк…

Имамдардын маянасын 25 миң сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда имамдардын маянасын 25 миң сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков «Кабар» агенттигине билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдөгү мечиттердин имамдарына 15 миң сомдон айлык берилип жатат.   Талантбек Ташибеков белгилегендей, Кыргызстанда… Кененирээк…

“Ала-Арча” жаратылыш паркындагы асма жол убактылуу иштебейт

Парктын администрациясынын маалыматына ылайык, 26-майга чейин объектте пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт.   Анын ичинде жабдууларды жаңылоо, механизмдерди тейлөө жана аймакты көрктөндүрүү каралган.   Асма жолду оңдоо эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын жаратылыш аймактарында эс алуучулардын саны көбөйүүдө

Өткөн жылы өлкөнүн мамлекеттик жаратылыш коруктарына жана улуттук парктарына 271 миңден ашуун адам келген.   Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн киреше дээрлик 38 миллион сомго жеткен. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн эки эсе көп.

Сүлүктүдө «Белес резорт» туристтик комплекси курулууда

Сүлүктү шаарында «Белес резорт» туристтик комплекси курулууда.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Сүлүктү шаары жана Лейлек районундагы эң ири эс алуучу жай болот.   Комплекстин курулушу бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүп, ага 120 млн сом бөлүнгөн. Ачылышы ушул жылдын жай айларына пландалууда.

Ошто күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу системасы орнотулат

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул боюнча долбоор Кытайдын жарыктандыруу тармагындагы компания өкүлдөрү менен талкууланды. Алар өз каражатына Ош шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук аймактарына күн энергиясында иштеген заманбап жарык берүүчү системаларды орнотууга даяр экени маалым болду.   Бардык монтаждоо иштерин, керектүү жабдууларды жана материалдарды компания толук камсыз кылып,… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин түштүк тарабында суу өчөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9дан түнкү 12ге чейин Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча-3 конушунда суу жок болот. Мунун себеби суу түтүгүндөгү аварияны калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.   Бишкек мэриясы… Кененирээк…

Жол эрежеси бузулганы тууралуу токтомдор «Түндүк» аркылуу жиберилет

Эми жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн токтомдор айдоочуларга электрондук форматта жөнөтүлөт.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, «Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер тарабынан катталган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча чыгарылган токтомдор 23-майдан тарта “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жибериле баштайт.   Ошол эле учурда… Кененирээк…