Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1 миң 200 орундуу заманбап мектептин курулушу башталды
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1 миң 200 орундуу заманбап мектептин курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси заманбап үлгүдөгү окуу кабинеттери, лабораториялар, спорттук зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат. Мектепте ата мекендик педагогдор менен бирге атайын Россиядан келген мугалимдер да билим беришет.



