Бишкек, Ош, Манастагы айт намаздарына 55 миңден ашуун киши катышты

Курман айт намазы 27-майда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулду. Айт намазына жалпы 30 миңдей адам катышты.   Айт намазы Ош жана Манас шаарларында да борбордук аянттарда окулду. Оштогу айт намазга 15 миңдей, ал эми Манастагы намазга он миңден ашуун адам катышканы кабарланды.  … Кененирээк…

Ошто сатуудан түшкөн салыктын жарымы шаарга калат

Ош шаарынан чогулган сатуудан алынган салыктын 50%, бирдиктүү салыктын 15% калаага калат. Президент Садыр Жапаров бул боюнча жарлыкка кол койду.   Пилоттук долбоор салыктык кирешелерди адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн кабыл алынды.   Долбоор 1-июндан башталып, бир… Кененирээк…

Эс алуу жайлары менен парктардагы аттракциондордун абалы текшерилүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул коопсуздукту камсыздоо максатында жүргүзүлүп жаткан чара экенин билдирди.   Анын алкагында аттракциондордун ээлерине жана операторлоруна коопсуздук талаптарын сактоо жана эксплуатациялоо эрежелери тууралуу маалымат берилүүдө.   Техникалык талаптарга жооп бербеген аттракциондорду иштеткен тараптарга 10 миң сомдон 45 миң… Кененирээк…