Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда иш сапары менен Казакстанга барды. Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Беларусь, Казакстан , Россия башчылары жана Армения… Кененирээк…

Көк-Жар айылына 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда. Курулуш министрлиги билдиргендей, объекттин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган.   Үч кабаттуу мектеп заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек класстары жана бардык шарттары каралган спорт залды камтыйт.… Кененирээк…

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. Жарандарга сак болуу сунушталат.    

Карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

Бул 1-июндан тартып ишке ашат.   Газды кайра кошуу карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин үч иш күндүн ичинде жана кошумча чыгым менен жүргүзүлөт. Мындан улам, абоненттер 1-июнга чейин көгүлтүр от үчүн бересесин бериши керек.   Карызды ай сайын келүүчү эсеп-дүмүрчөктөн, gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен жана… Кененирээк…

Ысык-Көлдө экологиялык көзөмөл күчөтүлөт

Жайкы туристтик сезон алдында Ысык-Көлдө экологиялык көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.   Маалыматка ылайык, көлдүн жээгинде, эс алуу жайларында, пансионаттарда жана коомдук жайларда туруктуу кайгуулдар уюштурулат.   Негизги көңүл көлдүн суусун жана анын жээктерин булгоо фактыларын… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоолорду иш күндөрү өткөрүү сунушталууда

Тиешелүү демилге парламенттин жыйынында көтөрүлдү. Мындай сунуш добуш берүү дем алыш күндөрү өткөнү үчүн көп жарандар шайлоого катышпай жатканы менен түшүндүрүлдү.   Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров БШК добуш берүүнү шаршемби күнү өткөрүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогонун айтып, депутаттарды бул боюнча мыйзам кабыл… Кененирээк…

Балыкчыда эл аралык логистикалык борбор ачылды

Балыкчыда 5,5 гектар аянтты ээлеген логистикалык борбор ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эл аралык борбор Кытай менен Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган негизги логистикалык хаб болот деп күтүлүүдө.   Комплекс күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлейт.   Мында 80ден ашык жаңы жумуш оруну түзүлдү.

Экологиялык кызматтарга 15 унаа берилди

Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана жаратылышты коргоо кызматтарына унааларды жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев тапшырды.   Машинелер аймактарга жана Ысык-Көлдөгү «Сарычат-Ээрташ» мамлекеттик жаратылыш коругуна бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанда чет элдик унааны легалдаштыруу жараяны уланышы мүмкүн

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.   Ал Ички иштер министрлиги менен сүйлөшкөнүн, жакында бул боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы жарыялана турганын айтты.   Эске салсак, Абхазия, Армения жана Россиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2025-жылдын 30-сентябрында аяктаган. Бул убакыт аралыгында машине… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы бекет ачылды

Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Согмент» чек ара бекети Баткен районундагы Согмент айылында жайгашкан.   Белгиленгендей, аталган пункт аймактын коопсуздугун бекемдөө жана чектеш аймактардагы туруктуулукту камсыздоого салым кошот.   Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасында 15 өткөрмө бекети иштеп келген.