Бүтүрүүчү класстардын экзамени 13-июнга чейин созулат

Мектептерде 9-11-класстардын экзамени 13-июнга чейин созулат.   Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы эртең, 2-июнда башталат.   Учурда өлкө боюнча бардык мектептерде сынактарды уюшкандыкта өткөрүү үчүн тиешелүү даярдыктар жана атайын комиссиялар түзүлгөн.

Суу ресурстары кызматына 14 мобилдик устакана тапшырылды

Суу ресурстары кызматына ирригациялык инфраструктураны тейлөө үчүн 14 мобилдик устакана тапшырылды.   Айыл чарба министрлиги билдиргендей, техника Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында берилди.   Мобилдик устаканалар гидротехникалык объектилерде оңдоо иштерин ыкчам… Кененирээк…

Бишкектин бир катар даректеринде суу болбойт

4-июнда Бишкектин бир катар даректеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин Ала-Арча суусу — Байтик баатыр көчөсүнөн — Түштүк Чоң Чүй каналына чейинки аймакта, Ала-Арча 3 конушунда суу берүү токтотулат. Мунун себеби авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу.   Калк… Кененирээк…

Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Бишкектин Биринчи май районундагы Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объектти каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.   Долбоор боюнча үч кабаттуу заманбап мектеп салынууда. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган… Кененирээк…

Кадамжай районунда дан эгиндерин жыйноо иштери башталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда арпа жыйноо иштери башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алгачкы жыйынтыктарга ылайык 1 гектар аянттан 42 центнер түшүм алынууда. «Бул көрсөткүч дыйкандардын эмгегинин, агротехникалык талаптардын өз убагында аткарылышынын жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган иштердин натыйжасы. Учурда… Кененирээк…

Менчик мектептердеги окуунун баасына көзөмөл киргизилбейт

Кыргызстандагы жеке менчик мектептердеги окуу акысына мамлекеттик көзөмөл киргизилбейт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.   Мекеме “колдонуудагы мыйзамдар боюнча билим берүү кызматтарынын (жеке менчик мектептердеги окуунун) наркы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт” деп кошумчалады.   Буга чейин өкмөт менчик мектептердеги окутуу баасын көзөмөлдөөнү… Кененирээк…

Таласта заманбап аттракциондор паркы ачылат

Ушул айдын аягында Талас шаарынын борбордук паркында жаңы заманбап аттракциондор ачылат.   Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, жаңыланган эс алуу аймагы ар кандай курактагы тургундарга ылайыкталган жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн кошумча шарттарды түзөт.

“Бала ырысы” жөлөк пулун өлкөдө 470 миңге жакын бала алат деп күтүлүп жатат

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов билдирди.   Кыргызстанда 1-июлдан тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын 1 миң 200 сомдон жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан бериле баштайт.   Пособиени балдар төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын алса болот.… Кененирээк…

Бишкекте тогуз ири көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулайт

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ордо калаада ири модернизациялоо иштери жүрүүдө.   Учурда дээрлик 600 даана жабдуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Ал эми жыл аягына чейин 200 жабдууну капиталдык оңдоо пландалууда.   Мындан тышкары, эскирген жабдуулар заманбап вакуумдук блоктук өчүргүчтөргө алмаштырылып жатат.   «Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында Бишкекте… Кененирээк…

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу убактылуу пайдаланууга берилди

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ушул жылдын ноябрь айына чейин убактылуу ачылды.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, коопсуздук жана жаңы жолдун артыкчылыктары эске алынса, Манас шаарынан Балыкчы шаарына алты сааттын ичинде жетсе болот.   Министрлик трассанын сапаты жогору экенине карабастан, айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так… Кененирээк…