Кытайдын Гуанчжоу шаарында почта кызматынын өндүрүштүк процессине адам сымал роботтор киргизилди

Кытайдын Гуанчжоу шаарында почта кызматынын өндүрүштүк процессине адам сымал роботтор киргизилди. Автоматташтырылган системалар жүктөрдү таануу жана аларды багыттар боюнча бөлүштүрүү милдеттерин аткарат.   Бул роботтор интеллектуалдык таануу жана өз алдынча чечим кабыл алуу функцияларына ээ. Бир гуманоид-роботтун өндүрүмдүүлүгү саатына 1 миң 200гө чейинки почта жөнөтмөлөрүн… Кененирээк…

Ош шаарында №49 мектепке 150 окуучуга ылайыкталган кошумча корпус курулду

Ош шаарында №49 мектепке 150 окуучуга ылайыкталган кошумча корпус курулду.   Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы корпус Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан. Мектепте окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Диний лагерь, эс алуучу жайларды мыйзамсыз уюштурууга тыюу салынды

Диний лагерь, эс алуучу жайларды мыйзамсыз уюштурууга тыюу салынды.   Мындай ишмердүүлүк менен мамлекеттик каттоодон өткөн жана диний ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу уюмдар гана алектене ала турганын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эскертти. Жайкы каникул учурунда диний багыттагы жайкы лагерлерди, кыска мөөнөттүү диний окуу курстарын жана… Кененирээк…

Орто-Токой ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат

Орто-Токой ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда объектте жыйынтыктоочу курулуш-монтаждоо иштери аткарылууда.   Станцияны кийинки айда колдонууга берүү пландалып жатат. Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 21 МВтты түзөт.

Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнүн Нургазиев — Асранкулов тилкеси унаа кыймылына бир айга жабылды

Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнүн Нургазиев — Асранкулов тилкеси унаа кыймылына бир айга жабылды. Чектөөлөр жылуулук тармактарын жаңыртуу иштерине байланыштуу киргизилди.   Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуштар күз-кыш мезгилинде шаарды туруктуу жылуулук менен камсыздоо максатында аткарылат.

Кыргызстанда унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн акысын убактылуу арзандатуу пландалууда

Кыргызстанда унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн акысын убактылуу арзандатуу пландалууда.   Президенттин иш башкармалыгы тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Учурда уруксат алуу үчүн физикалык жактар 50 миң сом, юридикалык тараптар — 70 миң сом, чет элдиктер 90 миң сомдон төлөйт. Документте 10-июндан 10-июлга… Кененирээк…

Ош облусунун 150 миңден ашык жашоочусу таза сууга мүмкүнчүлүк алат

Ош облусунун 150 миңден ашык жашоочусу таза сууга мүмкүнчүлүк алат.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 60 миллион доллар бөлүп берет. Ошондой эле өздүк каржылоо 6,5 миллион долларды түзөт.   Долбоор… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда электромобилдерди кубаттоочу станциялар тармагы кеңейтилүүдө

Ысык-Көл облусунда электромобилдерди кубаттоочу станциялар тармагы кеңейтилүүдө.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Түп районунда төрт электр кубаттоочу станция жана Тоң районунда үч станция пайдаланууга берилди.   Учурда “Чакан ГЭСтин” адистери Балыкчы шаарында төрт электр кубаттоочу станцияны орнотуу иштерине киришти.

Ысык-Көлдө жаныбарлар үчүн “Ак барс” илим-изилдөө жана реабилитациялык борбору курулууда

Ысык-Көлдө жаныбарлар үчүн “Ак барс” илим-изилдөө жана реабилитациялык борбору курулууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул Борбор Азиядагы атайын салынган биринчи комплекс болот.   Анын аянты — болжол менен 1 миң 600 чарчы метр. Комплекстин курамына илимий лаборатория, ветеринардык жана административдик блоктор,… Кененирээк…

1-июлдан тартып Россияга КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет

1-июлдан тартып Россияга КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Россиянын аймагына кирүү үчүн RuID мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү, сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн,… Кененирээк…