Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.   Башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп салынды. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу… Кененирээк…

Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш тазаланып, каттам ачылды

Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш тазаланып, каттам ачылды.   Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, таш аталган жолдун 243-296-чакырым аралыгына түшкөн.   Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында министрликтин атайын техникалары тартылып, жолдогу таштар тазаланып, каттам ачылды.

Кыргызстандагы мектептер 2028-2029-окуу жылына чейин китеп менен толук камсыздалат

Кыргызстандагы мектептер 2028-2029-окуу жылына чейин китеп менен толук камсыздалат. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, окуу китептери көп жылдар бою каржылоонун аздыгынан улам жетпей келген.   Былтыртан бери окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга ири каражат бөлүнө баштады. Быйыл дээрлик 1 миллиард… Кененирээк…

Майдын башында Баткен облусунда катталган сел кырсыгынан турак жайы жабыркаган жаранга 500 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилди

Майдын башында Баткен облусунда катталган сел кырсыгынан турак жайы жабыркаган жаранга 500 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.   Ошондой эле уюм тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жана суу каптоодон жабыркаган  19 жаранга 3 млн 517 миң… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы калкты тейлөө борбору курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы калкты тейлөө борбору курулууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект Баетов айылында жайгашат. Борбордо жарандарды кабыл алууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө бардык шарттар каралат. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүрүүдө.

Бишкек мэриясы коомдук транспорт жана коммуналдык кызматтардын техникасына арналган өзүнчө сызык киргизүү ниетинде

Бишкек мэриясы коомдук транспорт жана коммуналдык кызматтардын техникасына арналган өзүнчө сызык киргизүү ниетинде. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.   Анын айтымында, тилке төрт башкы көчөнү камтыйт — Абдрахманов, Ахунбаев, Жибек Жолу, 7-апрель көчөлөрүн. Шаар бийлиги ошондой эле бул сызык менен лицензияланган таксилерге дагы жүрүүгө… Кененирээк…

1-июлдан тарта “Бала ырысы” пособиесин алууга арызды “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн тапшырса болот

1-июлдан тарта “Бала ырысы” пособиесин алууга арызды “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн тапшырса болот.   Буга чейин маалымкаттарды чогултуп, социалдык коргоо органдарына алып баруу керек болсо, эми бардык процесс бир нече мүнөттү талап кылат.   Ал үчүн тиркемеден каттоодон өтүп, маалыматты толтуруп, персоналдык маалыматты иштеп чыгууга… Кененирээк…

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 5-июнда жанданат

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 5-июнда жанданат.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-июндан 21-июнга чейинки аралыкта поезд аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын каттайт. Билеттин баасы балдарга    73 сом, чоңдорго 150 сомдон башталып, 400-800 сомго… Кененирээк…

Бишкекте бир жолку төлөм менен бир нече автобус которуу системасын киргизүү пландалып жатат

Бишкекте бир жолку төлөм менен бир нече автобус которуу системасын киргизүү пландалып жатат.   Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, автобус менен электробустарда жол кирени толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөрүү пландалууда.   Ошондой эле карта менен төлөгөндөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөт… Кененирээк…

Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүн

Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, учурда демилге талданып жатат.   Эгер сынамык долбоор ийгиликтүү деп табылса, андан ары да улантылат, — деди министр. Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл… Кененирээк…