Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабынын жыйынтыгы 20-июнга чейин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабынын жыйынтыгы 20-июнга чейин белгилүү болот. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.   Күтүлгөндөй, абитуриенттерге сертификаттар бүтүрүү кечесинде тапшырылат. Ал эми кеч тест тууралуу айта турган болсок, анын жыйынтыгы июлдун башында жарыяланат. Эске салсак, негизги тестирлөө майда болсо,… Кененирээк…

Шахмат мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды

Шахмат мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз шахмат союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.   Өлкөдөгү 500 мектепте 3-5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулуп, мугалимдер даярдалып, долбоордун жыйынтыгы 10 айдан кийин бааланат. Эгер… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн кошумча этабы 19-20-21-июнда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн кошумча этабы 19-20-21-июнда өтөт.   Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Тест Бишкек жана Ош шаарларында, олуттуу себептер менен негизги тестирлөөгө катыша албай калгандар үчүн уюштурулат. Ал эми кеч тестке каттоо 9-июндан 17сине чейин ордо калаанын №24 мектебинде жана… Кененирээк…

Баткен облусунда “Мөмө-жемиш кластери” долбоору ишке кирет

Баткен облусунда “Мөмө-жемиш кластери” долбоору ишке кирет.   Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, анын алкагында логистикалык борбор, муздаткыч жайлары, кайра иштетүүчү объектилер жана тамчылатып сугаруу системасы курулат.   Долбоор деградацияланган жерлерди жакшыртууга, органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө жана заманбап агротехнологияларды киргизүүгө багытталат. Негизги максаты — мөмө-жемиш продукциясын… Кененирээк…

Өлкөдө “Абанын сапатын жакшыртуу” мамлекеттик программасын ишке ашыруу уланууда

Өлкөдө “Абанын сапатын жакшыртуу” мамлекеттик программасын ишке ашыруу уланууда.   Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жарандарга жана бизнеске күн панелдерин, жылуулук насосторун жана башка эко жабдууларды жеңилдетилген баада сатып алуу сунушталат.   Жарандар жылдык 6 пайыз менен 1 миллион сомго чейин, ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 7 миң окуу китебин чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда быйыл 7 миң окуу китебин чыгаруу пландалууда. “Учкун” мамлекеттик ишканасынын директору Бакытбек Султанов билдиргендей, 3 миллион нускама даяр.   Өткөн жылы 1-6-класстын окуучуларына 3,5 миллион  даана китеп басылган. Быйыл башка класстарга китеп чыгаруу иштери уланууда. Султанов белгилегендей, эски үлгүдөгү окуу куралдары чыгарылбай калган, 12… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы Жаштар борборунун имараты пайдаланууга берилди

Ош шаарында жаңы Жаштар борборунун имараты пайдаланууга берилди. Долбоор муниципалитеттин демилгеси менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын өнөктөштүгүндө жана Россиянын каржылык колдоосу аркылуу ишке ашырылган.   Үч кабаттуу борбордо тил үйрөтүү, робототехника, шахмат, кулинария курстары, лидерлик боюнча окуулар өткөрүлүп, заманбап конференц-зал иштейт.

Студенттер эми аймактарда окуса мамлекет жардам берет

Студенттер эми аймактарда окуса мамлекет жардам берет.   Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эми студент башка шаарга окууга барса, атайын программа иштелип чыгып, студенттерге стипендия берүү, жол чыгымын жабуу жана жатаканалар менен камсыздоо каралат.   Айрыкча ички аба каттамдары менен жүрүү маселеси да каралууда.… Кененирээк…

Элчи болуу үчүн эми кеминде 10 жылдык тажрыйба талап кылынат

Элчи болуу үчүн эми кеминде 10 жылдык тажрыйба талап кылынат. Президент Садыр Жапаров “Дипломатиялык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.   Ага ылайык, кадрларга коюлган талаптар күчөтүлдү. Мисалы, элчи жана туруктуу өкүл кызматтарына дайындоо үчүн талапкерлер кеминде 10 жыл дипломатиялык же эл аралык кызматта иштеген болушу… Кененирээк…

Нарында жүздү таануу системасы менен “Коопсуз шаар” долбоору сынамык түрдө ишке кирет

Нарында жүздү таануу системасы менен “Коопсуз шаар” долбоору сынамык түрдө ишке кирет. Бул максатта мэрия менен кытайлык компания жумушчу топ түзүп, инфраструктураны санариптештирет.   Биринчи этаптын алкагында шаарда сапаттуу камералар жана тартип бузууларды каттоочу система орнотулат. Ага чейин адистер аймактарды изилдеп, ыңгайлуу тилкелерди аныктайт.