Германия тургуну 367 күндө 367 марафон чуркап өттү

Германия тургуну 367 күндө 367 марафон чуркап өттү. Ал муну аткара алган дүйнөдөгү биринчи аял болуп катталды. Атлет Германиянын бардык шаарларын чуркап өтүп, жолун 8-октябрда Берлинде жыйынтыктоону пландап жатат.   Өткөн жылдын 1-июнунан тарта аял күн сайын 42 чакырымдап чуркайт. Анын жеке эсептөөлөрү боюнча ал… Кененирээк…

Аналитиктер алдыдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзүн мыкты көрсөтө ала турган жаш футболчуларды атады

Аналитиктер алдыдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзүн мыкты көрсөтө ала турган жаш футболчуларды атады. Тизменин сап башында Испания курамасынын жаш жылдызы Ламин Ямаль турат.   Экинчи позицияда Түркия үчүн ойногон Арда Гюлер жайгашат. Үчилтикти Португалия курамасынын хавбеги Жуан Невеш бекитет. Эске салсак, мундиаль 11-июндан 19-июлга… Кененирээк…

Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат

Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат.   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте бул багытта иш алып барат.   Кызыл китеп — бул жок болуп кетүү коркунучунда турган, саны азайып бараткан же сейрек кездешкен жаныбарлардын, канаттуулардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн расмий тизмеси… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда Үч-Коргон ГЭСинин курулушу уланууда

Жалал-Абад облусунда Үч-Коргон ГЭСинин курулушу уланууда.   Долбоорду кытайлык компания ишке ашырып, учурда жеринде 100дөн ашык адис эмгектенет. Станциянын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында негизги жабдуулар жаңыртылып жатат.   Төрт гидроагрегаттын экөөсү модернизациядан өтүүдө. Реконструкция иштери аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 220 мегаваттка жетет. Жумуштар график… Кененирээк…

Бишкекте Исакеев көчөсүн калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкекте Исакеев көчөсүн калыбына келтирүү иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, жумуштар анын Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүп жатат.   Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жол катмары жаңыртылып, тротуар жана ирригациялык система курулат.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайкы сезондо учуу географиясын кеңейтүүдө

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайкы сезондо учуу географиясын кеңейтүүдө. Көл жээгине туруктуу каттамдар Россия, Казакстан, Өзбекстандын шаарларынан аткарылат.   Алсак, Ташкенттен учактар жумасына 5 жолу, Алматадан 3, Астанадан 2 жолу каттайт. Ал эми Россиянын Новосибирск шаарынан Тамчыга учак менен  аптасына 3 жолу келсе болот. Ошондой… Кененирээк…

Нарындын тоолуу аймактарына кайрадан кыш келди

Нарындын тоолуу аймактарына кайрадан кыш келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ат-Башы районунда бийиктиги 20 сантиметрден ашкан кар жаады.   Жайдын биринчи айы үчүн адаттан тыш көрүнүш Нарындын бардык жайлоолорунда катталууда. Ведомство абалды тыкыр көзөмөлдөөдө.

Кыргыз-беларус бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасы 5 миллион доллардан ашкан 20га жакын келишимге кол коюлду

Кыргыз-беларус бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасы 5 миллион доллардан ашкан 20га жакын келишимге кол коюлду.   Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев билдирди.   Анын айтымында, жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт. Форумдун жүрүшүндө ишкерлер ортосунда түз сүйлөшүүлөр, инвестициялык… Кененирээк…

Жети-Өгүз районуна 500 орундуу дагы бир мектеп курулду

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жаңы мектептин курулушу аяктады.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 500 окуучуга ылайыкталган мектеп үч блоктон турат.   Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 226 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылынан тарта каалгасын ачат.

Караколдо негизги эки көчө жыл аягына чейин толук жаңыланат

Быйыл Каракол шаарында жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча эки ири долбоор ишке ашырылууда.   Мэриядан билдиришкендей, негизги объектилердин бири — Манас көчөсү. Белгиленгендей, бул тилкеде Советтер Союзунан бери асфальттоо иштери жүргүзүлгөн эмес.   Эми бул жерде эки тилкелүү жол салынып, эки тарапка тротуарлар курулат, арыктар жасалып,… Кененирээк…