Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда Бишкекте 73 жашында дүйнөдөн кайтты.   Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты.   2002-2005-жылдары башкы прокурор болуп иштеген. 2006-2007-жылдары президенттик администрациясынын жетекчиси болгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси… Кененирээк…

Балыкчы – Каракол жолу жаңыланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126-134- чакырым аралыгында реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Ал эми сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, 126-131-чакырымга чейинки… Кененирээк…

Өлкөдөгү белгилүү туристтик каттамдарда маалымат такталары орнотулду

Өлкөдө туристтердин коопсуздугу жана ыңгайлуу навигациясы үчүн атайын маалыматтык такталар орнотулду.   Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, жаңы такталар “Жомок” каньонунда, Соң-Көлдүн жээгинде жана өлкөнүн башка бир катар популярдуу туристтик локацияларында пайда болду.   Алар саякатчыларга багытты туура табууга жана аймактар тууралуу керектүү маалыматты алууга… Кененирээк…

УКМКнын төрагасынын бир орун басары алмашты

Уранбек Шадыбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.   Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.   Анын ордуна Алмаз Ажыгулов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, өлкөдө эртеңден тарта 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.   Жарандарга сак болуу сунушталат.    

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу бир тараптуу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн таш толук тазаланды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда бир тараптуу каттам бар.   Эске салсак, 4-июнда болжол менен саат 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, кыймыл убактылуу токтотулган.

Бишкекте «Алтай» шаарчасынын курулушу уланууда

Бишкекте турак жай жана социалдык инфраструктураны камтыган «Алтай» шаарчасынын курулушу уланууда.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, долбоордун алкагында 1 миң 500дөн ашык беш кабаттуу үй куруу пландалган. Жалпысынан ар түрдүү планда 34 миң батир каралып, курулуштун жалпы аянты 1 млн 7… Кененирээк…

Ош шаарында 5 миң 518 ипотекалык батир курулууда

Учурда Ош шаарында 5 миң 518 ипотекалык батир курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман Резиденс №1» турак жай комплексинин ачылыш аземинде билдирди.   Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөнүн бардык аймактарында бүгүнкү күндө жалпысынан 82 миңден ашык ипотекалык батирдин… Кененирээк…

«Сары-Челек» жана «Кыргыз-Атага» заманбап өткөрүү пункттары курулат

«Сары-Челек» мамлекеттик биосфералык коругунда жана «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттары курулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул боюнча министрлик менен «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлду. Долбоордун жалпы суммасы 80 млн сомго жакын… Кененирээк…

ЖРТнын негизги этабынын жыйынтыктары 20-июнга жакын белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабынын жыйынтыктары 20-июнга жакын белгилүү болот. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдирди.   Абитуриенттер тесттин жыйынтыгы көрсөтүлгөн сертификаттарды бүтүрүү кечелеринде алышат деп күтүлүүдө. Ал эми ЖРТнын кеч өткөрүлүүчү этабынын жыйынтыктары июлдун башында жарыяланат.   Эске салсак, негизги… Кененирээк…