Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орду бар

Ушул жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8 миңден бош жумуш оруну катталды.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, өзгөчө талап кылынган кесиптердин катарына компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасалгалоо, укалоочу, визажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, электр-газ ширетүүчү жана сантехник кирет.  … Кененирээк…

Ордо калаанын бир катар көчөлөрүндө үч күн газ болбойт

«Бишкекгаз» кызматы билдиргендей, 10-12-июнь күндөрү Горький, Кара-Көл, Медеров көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Малдыбаев, Токомбаев, Сухэ Батор, Н. Жетикашкаева, Каралаев, Кара Дарыя көчөлөрүндө көгүлтүр от болбойт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Алай-1 жана Алай-2 конуштарында жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 конуштарында жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге шаар мэриясы жана демөөрчүлөр кол коюшту.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы медициналык мекеме аймактагы миңдеген тургундарды сапаттуу медициналык кызмат менен камсыздайт. Долбоор Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылат.

Гимнге сынак жарыяланбай эле тапшырык берүү чечими кабыл алынды

Гимндин текстин жана музыкасынын жаңы редакциясын чыгармачыл союздарга, авторлорго мамлекеттик тапшырык менен жаздыруу чечими кабыл алынды. Алдыда ачык сынак жарыяланбай турганын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.   Гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясын тандаган комиссия ушул жылдын 1-июнуна чейин… Кененирээк…

Японияда мектеп окуучулары үчүн атайын “каникулдук өргүү” киргизилүүдө

Эми балдар үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүү үчүн окуу күндөрүндө бир нече күнгө эс алууга чыга алышат. Мындай себеп менен сабак калтыруу окуучунун жетишкендиктерине же бааларына таасир этпейт.   Бул программа ата-энелердин өтүнүчү менен ишке киргизилди. Алар эс алууну пландаштыруу кыйын экенин айтып келишкен.   Көпчүлүк… Кененирээк…

Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүнтөн тарта 12-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Бишкекте Абсамат Масалиев көчөсү эки жумага жабылат

Бишкекте Абсамат Масалиев көчөсүнүн Түштүк дарбаза аймагындагы бир бөлүгү эки жумага жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.   Маалыматка ылайык, жол кыймылы бүгүнтөн тарта 23-июнга чейин чектелет. Мындай чара жер алдына өтмөк куруу иштерине байланыштуу.

Медициналык калдыктарды эми коопсуз унаалар ташыйт

Бишкекте баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарга медициналык калдыктарды коопсуз ташуу үчүн 10 адистештирилген унаа тапшырылды.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, техника биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берет. Алар герметикалык кузов, муздаткыч жабдуу, гидравликалык көтөргүч, контейнерлерди коопсуз бекитүү жана ички дезинфекциялоо тутуму менен жабдылган.   Транспорттор… Кененирээк…

Бишкекте унаа токтотуу үчүн акы төлөбөгөндөргө айып салынат

Мэрия акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү зарылдыгын эскертет.   Эреже бузган жеке жактар 1 миң сом, юридикалык тараптар 5 миң сом айыпка жыгылат.

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртылат

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.   Анын алкагында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары эки жылда Кыргызстандын бардык аймактарында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ага 21 миллион сомго жакын каражат жумшалат.   Учурда өлкөнүн Кызыл китебине жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда делген куштун 57 түрү,… Кененирээк…