Бишкекте 13-июнда чуркоо марафонуна байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылына чектелет

Бишкекте 13-июнда чуркоо марафонуна байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылына чектелет. Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара 19:30да башталып, 23:00гө чейин созулат.   Бул убакыт аралыгында Шабдан баатыр, Лермонтов, Ауэзов көчөлөрүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Бишкектин Ак-Тилек конушунда жаңы бала бакчанын курулушу уланууда

саи Бишкектин Ак-Тилек конушунда жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси                          100 орунга эсептелген.   Бүгүнкү күндө объектте кирпич дубалын орнотуу иштери толугу менен аяктады. Учурда ички жасалгалоо жана электр монтаждоо иштери жүрүүдө.

Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгилде коопсуздукту жана экологияны коргоону күчөтүү максатында жаңы кавалериялык взвод түзүлдү

Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгилде коопсуздукту жана экологияны коргоону күчөтүү максатында жаңы кавалериялык взвод түзүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Атчан милиционерлер көл жээгиндеги унаа бара албаган, жетүүгө кыйын болгон кумдуу жээктерде жана тоолуу аймактарда коопсуздукту камсыз кылат.

Өлкө аймагында мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу жана жаратылышты коргоо максатында рейддер күчөтүлдү

Өлкө аймагында мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу жана жаратылышты коргоо максатында рейддер күчөтүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон эскертишкендей, Кызыл китепке кирген жаныбарларды жок кылгандыгы үчүн 10 миң сомдон 2 миллион сомго чейинки айып каралган. Жарандарга жаратылышты коргоо мыйзамдарын… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоону жекшембиден шаршембиге жылдырып, ал күндү акы төлөнүүчү дем алыш кылуу сунушталды

Кыргызстанда шайлоону жекшембиден шаршембиге жылдырып, ал күндү акы төлөнүүчү дем алыш кылуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.   Документти демилгелеген ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жекшемби күнү эл эс алууну тандап, добуш берүүгө барбай, мындан улам шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп жатканын жүйө келтирген. Жаңы мыйзам… Кененирээк…

Мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлдү

Мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, мас болуп рулга отургандарды 20 суткага чейин камакка алуу жана 12 жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралган.   Эгер мас айдоочу жол кырсыгына себеп болуп адамдар жабыркаса, анда 5 жылдан… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Палестинага каршы достук беттеш өткөрөт

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Палестинага каршы достук беттеш өткөрөт.   Оюн кечки 8.30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо старт алат. Эске салсак, Кыргызстан — Палестина биринчи беттеши Бишкекте 6-июнда өтүп, 0:0 эсебинде аяктаган.

Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды

Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды.   Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Аталган долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.   Анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланып… Кененирээк…

Кантта ипотекалык турак-жайлардын курулушу уланууда

Кантта ипотекалык турак-жайлардын курулушу уланууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында шаардын аймагынан 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.   Турак-жай комплекси 150 блоктон туруп, анда 5 миң 250 батир бар. Бардык инфраструктурасы менен курулуш кийинки жылы аяктайт деп пландалууда.

Балыкчы шаарындагы көл жээгине жакын курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда

Балыкчы шаарындагы көл жээгине жакын курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.   Документ Ысык-Көлдүн жээгине жакын аймакта мурда мыйзамдуу түрдө курулуп калган жеке турак үйлөрдүн укуктук макамын тактоого багытталган.   Учурдагы мыйзамга ылайык, көл жээгинен 500 метр аралыкта рекреациялык объектилерден тышкары… Кененирээк…