Улуттук банк алдамчылардын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти

Мекеме билдиргендей, шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып жатышат.   Алар жарандарга социалдык тармактардан, мессенжерлерден билдирүү жиберишет.   Адамдарды ынандыруу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн документтерди колдонуп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» порталындагы катталган системасы бузулганын айтып, алдашат. Мындай билдирүү келген учурда шылуун менен сүйлөшүүнү… Кененирээк…

Грузиянын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ушул жылдын 11-13-июнунда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.… Кененирээк…

«Ала-Тоо Резорт»: Бозучук – Жыргалаң жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көлдүн Жыргалаң аймагында «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилдүү тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү иштери кызуу жүрүүдө.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, учурда жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн Бозучук – Жыргалаң унаа жолуна асфальт-бетон төшөө процесси активдүү уланууда. Муну менен катар келечектеги Жыргалаң курорттук шаарчасына… Кененирээк…

ИИМ туристтик мезгилге толук даяр

Кыргызстандын ички иштер органдары жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипке өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   «Туристтик сезондун соңуна чейин милиция кызматкерлери эс алуу аймактарында жана каттамдарда коомдук тартипти көзөмөлдөп, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ар кандай инциденттерге өз… Кененирээк…

Ош облусунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү токтотулат

Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев билдирди.   Анын айтымында, өзгөчө учур катары социалдык жактан аялуу жарандарга — аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, томолой жетимдерге жана жесирлерге гана жер тилкелери берилиши мүмкүн.   Аткаминер Кыргызстанда калктын саны өсүп жатканын, бирок… Кененирээк…

Кыргызстандын жети шаары жаңы план менен өнүктүрүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте өлкөнүн аймактарын заманбап ыкмада өнүктүрүү боюнча кадрларды даярдай баштады.   Анын алкагында Манас, Нарын, Өзгөн, Ош, Кант, Баткен жана Каракол шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү үчүн атайын окутуу курсу ачылды. Алар атайын… Кененирээк…

Сырттагы мигранттар Кыргызстанга 700 млн доллар которушту

Январь-март айларында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 699 млн 700 миң доллар которулду.   Улуттук банктан билдиришкендей, сырттан келип жаткан акча улам көбөйүүдө. Алсак, январь айында сырттагы жарандардан 220 млн 300 миң доллар, февраль айында 224 млн 200 миң доллар, ал эми мартта 255 млн 200 миң… Кененирээк…

Кызыл-Кыядагы Карбышев мектеби инновациялык борборго айланууда

Өлкөдө билим берүү тутумун трансформациялоонун алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин катарына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев атындагы №1 мектеп кирди.   Агартуу министрлигинен билдиришкендей, учурда бул окуу жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө. Өзгөчө көңүл STEM, информатика жана эмгек кабинеттерин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө бурулган.… Кененирээк…

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алтынбек Рысбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Таалайбек Ибраев энергетика министри болуп 2022-жылдын октябрь айында келген. Ал эми министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алтынбек Рысбеков буга чейин энергетика министринин… Кененирээк…

Түндүк – Түштүк жолунда коопсуздукту күчөтүү үчүн 40ка жакын курулма салынат

Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунда коопсуздукту күчөтүү үчүн 40ка жакын курулма салынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда Казарман — Арал жолунун боюндагы 12 тилкеде таяныч дубалдардын курулушу башталды. Министрдин айтымында, аталган курулмаларды эки жылдын ичинде бүтүрүү… Кененирээк…