Манас шаарынан Багыш айылына чейин жаңы унаа жолу салынууда
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальт басууга даярдык көрүлүүдө. Жаңы унаа жол мурдагы эски темир жолдун ордуна түшөт. Узундугу 12,5 чакырымды түзүп, 4-6 тилкелүү болот. Учурда курулуш объектисинде 60 жумушчу жана 50дөн ашык атайын техника иштеп жатат.









