Таласта борбордук аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарындагы К.Нуржанов атындагы борбордук аллеянын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган долбоор шаарды көрктөндүрүүгө, тургундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, аллея… Кененирээк…

IT чөйрөсүндө иштегендер, блогерлер беш жылга салыктан бошотулду

Кыргызстанда IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер беш жылга салык төлөөдөн бошотулат.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Мындан тышкары, жогоруда сөз болгон тармакта… Кененирээк…

Чаткалда сел жууп кеткен Сумсар – Шекафтар жолу калыбына келтирилди

Чаткал районундагы Сумсар – Шекафтар унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу жана жолду тазалоо иштери уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун жээктерин тегиздөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Аталган унаа жолдо каттам бар. Алдын ала маалымат боюнча, 11-июнь күнү кечки саат 18:00-19:00 чамасында… Кененирээк…

Бишкектин түштүгүндө төрт күн газ болбойт

«Бишкекгаз» кызматы билдиргендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-19-июнь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: Жукеев Пудовкин көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухе Батор көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Безымянный көчөсү. «Бишкекгаз» кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы… Кененирээк…

Ала-Бука районунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, объект Сумсарсай дарыясына жайгаштырылат.   Долбоор ишке ашырылса, сугат жерлеринин аянты болжол менен 1,5 миң гектарга көбөйөт. Бул айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.  … Кененирээк…

Жалал-Абад электр тармактар ишканасына атайын техникалар берилди

«Жалал-Абад электр тармактар» ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Тармактын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында 1 даана FAW үлгүсүндөгү автокөтөргүч, 1 даана экскаватор жана 2 даана ISUZU үлгүсүндөгү бригадалык унаа берилди. Бригадалык унаалардын бирин Жалал-Абад, экинчисин Ала-Бука көмөк чордондорунун кызматкерлери пайдаланат. Аталган унаалар «Кыргызстандын… Кененирээк…

Улуттук банк жумалык валюта курстарына үч жаңы валютаны кошту

Улуттук банк сомдун дагы үч чет элдик валютага карата расмий курсун жума сайын аныктай баштайт. Алар — Бахрейн динары, Вьетнам донгу жана Таиланд баты.   Жаңы тартип 15-июндан тартып күчүнө кирет. Тиешелүү токтом Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.   Ошондой эле документ Юстиция министрлигине, коммерциялык… Кененирээк…

Бишкекте Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкекте «Дордой» базарынын аймагында жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу 16-июндан тартып Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.   Оңдоо иштери жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтуу жана жол кыймылынын… Кененирээк…

Кыргызстан менен Грузия кызматташтык боюнча бир нече документке кол койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Бишкекте саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.   Эки өлкө авиация, мамлекеттик мүлктү башкаруу, ветеринария, экология, бажы, дене тарбия жана спорт жаатында,… Кененирээк…