Бишкекте Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкекте Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, жол кесилиши 17-июндан 18-июнга чейин жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылууда.   Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

Бишкек – Балыкчы темир жол каттамында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бишкек – Балыкчы темир жол каттамында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.   Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Ошондой эле ар бир каттам алдында поезд милдеттүү техникалык кароодон өткөрүлүп, коопсуздук, байланыш жана өрт коопсуздугу системалары текшерилип жатат.

Бишкекте сейсмикалык туруктуу компоненттерди өндүрүүчү завод курулат

Бишкекте сейсмикалык туруктуу компоненттерди өндүрүүчү завод курулат.   Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект Сейсмокурулуш мамлекеттик институтунун аймагында жайгашат. Ишкана имараттардын жер титирөөлөргө туруктуулугун жогорулатуучу заманбап компоненттерди чыгарат. Долбоор курулуш тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө шарт түзүп, импорттон көз карандуулукту азайтат деп күтүлүүдө.

Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер каскадынын” курулушу башталды

Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер каскадынын” курулушу башталды.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, долбоордун жалпы кубаттуулугу  912 МВтты түзүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт. Каскадга Алабуга, Карабулуң-1 жана Карабулуң-2 ГЭСтери кирет.   Курулушту ыкчам баштоо үчүн райондук администрация тарабынан 23 гектар жер тилкеси трансформацияланып, инвесторго толугу менен… Кененирээк…

Өкмөт өлкөдөгү ири трассалардын жака-белин тазалоону баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн негизги магистралдарынын жээктерин тазалоо боюнча масштабдуу мамлекеттик демилге көтөрүлгөнүн билдирди. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты. «Жолдун жээктери — мамлекетибиздин жүзү. Жол боюндагы таштандылар, жөнгө салынбаган чекене соода, кароосуз калган жерлер өкмөттүн жергиликтүү деңгээлдеги жоопкерчиликсиздигинин көрсөткүчү. Бул көйгөйдү бир жолку иш-аракеттер… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатынан кийин бир катар атактуу футболчулар улуттук курамадагы карьерасын жыйнтыктайт

Дүйнө чемпионатынан кийин бир катар атактуу футболчулар улуттук курамадагы карьерасын жыйнтыктайт.   Чет элдик спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, алардын арасында Хорватия курамасынын форварды Лука Модрич, Португалия жылдызы Криштиану Роналду, Аргентинанын капитаны Лионель Месси, бразилиялык Неймар, Германиянын алмашкыс дарбазачысы Мануэль Нойер, белгиялык Ромелу Лукаку жана Нидерланд… Кененирээк…

Бишкекте Киев көчөсү жабылганына байланыштуу 14 автобустун каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте Киев көчөсү жабылганына байланыштуу 14 автобустун каттамы өзгөртүлдү.   Мэриядан билдиришкендей, Исанов — Тоголок Молдо тилкесинде жылуулук тармактарын жаңыртуу иштери жүргүзүлүп, автобустар альтернативдүү көчөлөр менен каттайт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66,… Кененирээк…

1-сентябрдан тарта медициналык китепче электрондук форматка өткөрүлөт

1-сентябрдан тарта медициналык китепче электрондук форматка өткөрүлөт. Министрлер кабинети кабыл алган токтом менен милдеттүү медициналык кароодон өтүү эрежелери да өзгөртүлдү.   Ага ылайык, милдеттүү медициналык кароодогу лабораториялык изилдөөнүн жана функционалдык кароонун жыйынтыктары саламаттыкты сактоонун мамлекеттик санарип системасында электрондук форматта түзүлөт, сакталат жана тиешелүү тарапка жиберилет.… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы такси кызматы түзүлүп, электромобилдер паркы ачылат

Кыргызстанда жаңы такси кызматы түзүлүп, электромобилдер паркы ачылат.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тиешелүү макулдашууга “Улуттук инвестициялык фонд” менен кытайлык компаниянын ортосунда кол коюлду.   Келишимдин алкагында өлкөдө улуттук такси агрегатору, электромобилдер паркы жана электр унааларын кубаттоочу станциялар тармагы түзүлөт. Долбоорлор транспорт… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү мамлекеттик органдардын жана ооруканалардын имараттары, ошондой эле алар жайгашкан жер тилкелери инвесторлорго өткөрүп берилиши мүмкүн

  Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү мамлекеттик органдардын жана ооруканалардын имараттары, ошондой эле алар жайгашкан жер тилкелери инвесторлорго өткөрүп берилиши мүмкүн.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чечим Бишкекте заманбап административдик комплекстерди жана жаңы медициналык шаарчаны куруу долбоорлорун тездетүү максатын көздөйт. Инвесторлор менен өкмөт… Кененирээк…