Кыргызстанда 1-июлдан тарта “Бала ырысы” жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздар электрондук форматта кабыл алынып баштайт

Кыргызстанда 1-июлдан тарта “Бала ырысы” жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздар электрондук форматта кабыл алынып баштайт.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жарандардын убактысын үнөмдөө жана кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү максатында арыздар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кабыл алынат.   Белгилеп кетсек, пособие үй-бүлөнүн кирешесине карабастан,… Кененирээк…

Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Жалпысынан аймактык реформанын алкагында Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментине жер мунапысынын негизинде жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча 37 миң 27 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу аталган департаменттин директору Уран Мусаев “Кабар” агенттинине билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кабыл алынган чечимдердин негизинде комиссия… Кененирээк…

Чүйдө энергетиктерге заманбап атайын техника тапшырылды

Чүй электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Тармакты модернизациялоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында энергетиктерге 5 жаңы атайын техника тапшырылды. Анын ичинде 25 метрлик FAW TIGER автокөтөргүчү жана SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү — механизация жана автотранспорт кызматына берилди.… Кененирээк…

Бишкекте Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта анын 7-апрель — Жукеев-Пудовкин тилкесинде калыбына келтирүү жумуштары башталды.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

Ошто “Тешик Таш” базарын жаңы борбордук базарга көчүрүү иштери башталды

Ошто “Тешик Таш” базарын жаңы борбордук базарга көчүрүү иштери башталды. Бул жолду кеңейтүүгө жана шаардагы транспорт кыймылын жакшыртуу үчүн жасалууда.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ишкерлерге көчүрүү тууралуу эртелеп эскертүү берилген. Учурда аларга жаңы соода аянттары берилип, көчүрүү иштерине шаар кызматтары тартылды.

Кыргызстанда орточо айлык 49 миң 660 сомго жетти

Кыргызстанда орточо айлык 49 миң 660 сомго жетти.   Ушул жылдын январь айынан апрелге чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 21 пайызга өстү.   Маянын эң көп өсүшү айыл чарба, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, каржылык ортомчулук, кыймылсыз… Кененирээк…

Кабо-Верде курамасынын 40 жаштагы дарбазачысы Жозимар Возинья биринчи оюндан кийин жылдыз аталды

Кабо-Верде курамасынын 40 жаштагы дарбазачысы Жозимар Возинья биринчи оюндан кийин жылдыз аталды. Кечээ команда алгачкы ирет дүйнө чемпионатына чыгып, дароо Испания курамасынын атактуу футболчулары менен кез келди.   “Кызыл фурия” 27 жолу сокку жасап, Возинья бирин дагы өткөргөн жок, оюн эсеби 0:0.   Сенсациялык беттештен… Кененирээк…

Жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке кирди

Жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке кирди.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыра алышат.   Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана керектүү документтерди жүктөө жетиштүү.… Кененирээк…

Бишкектин вице-мэрлери Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров кызматынан бошотулду

Бишкектин вице-мэрлери Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров кызматынан бошотулду.   Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, социалдык маселелер боюнча вице-мэрдин милдетин Рахат Мусаева аткарат.   Ал эми жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин аткаруучу Атай Муратбек болду. Ошондой эле… Кененирээк…