Бишкекте 37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү
Бишкекте 37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 18-июндан тарта түшө баштаган. Жалпысынан 37 адам кайрылган. Уулангандар Арча-Бешиктеги медреседен салат жегенин айтышкан. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылып, 27сине амбулатордук дарылоо дайындалган.… Кененирээк…





