Футбол боюнча дүйнө чемпионатында дагы бир кызыктуу рекорд катталды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында дагы бир кызыктуу рекорд катталды. АКШнын курама командасы катары менен эки оюнда атаандаштарынын автоголдорунун жардамы менен гол киргизген дүйнөдөгү биринчи команда болуп калды.   Ошондой эле Мексика биринчи болуп плей-оффко жолдомо алды, ал эми Испаниянын Кабо-Верде менен тең чыгышы турнирдин эң… Кененирээк…

Бишкекте Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда кесилиште бардык керектүү жол белгилери орнотулду.   Айдоочуларга ылдамдыкты сактоо, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткаруу жана бул тилкеде өзгөчө этият болуу сунушталат.

Манас шаарында алты жаңы мектеп курулууда

Манас шаарында алты жаңы мектеп курулууда. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, алардын бири — Манас муниципалдык аймагында жайгашкан 500 орундуу №13 мектеп.   Долбоорго ылайык, анда заманбап окуу класстары, китепкана, эки кабаттуу жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашат.

Бишкекте турак-жай кымбаттоону улантууда

Бишкекте турак-жай кымбаттоону улантууда.   Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, 2025-жылы ордо калаада батирлердин орточо баасы дээрлик 24 пайызга өскөн.   Ал эми жеке турак үйлөрдүн баасы 35 пайыздан ашык жогорулады. Адистер муну турак жайга суроо-талаптын өсүшү, курулуш тармагына… Кененирээк…

Кыргызстан август айынын аягында өтө турган эл аралык маанидеги иш-чараларга даярдык көрүүдө

Кыргызстан август айынын аягында өтө турган эл аралык маанидеги иш-чараларга даярдык көрүүдө. Бишкекте быйыл күздө өтө турган Шанхай кызматташтык уюму саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык күчөтүлдү.   Өкмөт инфраструктураны жаңыртып, коопсуздук жана транспорт маселелерине өзгөчө көңүл бурууда. Эске салсак, ШКУ саммити Кыргызстанда  31-август, 1-сентябрда… Кененирээк…

Кыргызстанда май куюучу жайларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда май куюучу жайларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушталды.   Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.  Документ жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн алкоголдук продукциянын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөтүүгө, транспорт кырсыктарын алдын алууга багытталат.