Талас шаарында бүгүн 6 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Талас шаарында бүгүн 6 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.   Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Футбол аянтчалары президенттин резервдик фондунун колдоосу менен мектептердин, жогорку окуу жайдын жана башка социалдык объекттердин аймагында курулду.

Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Белгилей кетсек, эртең 23-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиясынын… Кененирээк…

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанда 66 сел жүрдү

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанда 66 сел жүрдү.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, табигый кырсык 20–21-июнда бир нече аймакты каптап, эң көп зыян Баткен облусуна тийген.   Жалпысынан 300дөн ашык турак үй, ондогон социалдык объект, эки базар жана мечит жабыркады. Ошондой эле жолдор, көпүрөлөр жана… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  билдиришкендей, 25-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга сак болуу сунушталат.

Ысык-Ата районунун Новопавловка айылында ири тоок ферма ишке берилди

Ысык-Ата районунун Новопавловка айылында ири тоок ферма ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашып, ага 500 млн сомго жакын инвестиция салынган.   Ферма суткасына 180 миң жумуртка өндүрүп, өлкөнүн ички керектөөсүнүн 16,5 пайызын камсыздайт. Ошондой эле ишканада туруктуу… Кененирээк…

Кыргызстанда бардык жер жана жайыттар боюнча бирдиктүү санариптик карта түзүлүүдө

Кыргызстанда бардык жер жана жайыттар боюнча бирдиктүү санариптик карта түзүлүүдө. Бийлик жер тилкелери тууралуу чачыранды маалыматты бир онлайн системага бириктирүүнү чечти.   Бул үчүн бир нече санариптик платформалар ишке киргизилип жатат, анын ичинде фермерлердин ишин эсепке алуу системасы жана жайыттардын абалын мониторинг кылуу платформасы бар.… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн катышуучулардын 67 пайызы 110 баллдык босогодон өттү

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн катышуучулардын 67 пайызы 110 баллдык босогодон өттү. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, орточо балл 128ди түздү. Эске салсак, быйылтан тартып тестирлөөнүн жыйынтыгы жогорку окуу жайларга гана эмес, колледждерге тапшыруу… Кененирээк…

Сүлүктү шаарындагы “Белес-Резорт” туристтик комплекси август айында пайдаланууга берилет

Сүлүктү шаарындагы “Белес-Резорт” туристтик комплекси август айында пайдаланууга берилет.   Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда. Ага республикалык бюджеттен 120 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом бөлүнгөн. Комплекс 100–150 эс алуучуну кабыл алууга ылайыкталган.

Талас облусундагы “Кировка” көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери аяктады

Талас облусундагы “Кировка” көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери аяктады.   Аймактык электр тармактар ишканасынын адистери трансформаторлорду, өчүргүчтөрдү жана башка жабдууларды жаңылады. Бул көмөк чордонунун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат жана авариялардын алдын алууга жардам берет.