Кыргызстанда соода тармагындагы патентти электрондук түрдө алуу кызматы ишке кирди

Кыргызстанда соода тармагындагы патентти электрондук түрдө алуу кызматы ишке кирди.   Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетине кирип, бир нече кадам аркылуу патентти онлайн тариздей алышат.   Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлүп, төлөнгөндөн кийин патент автоматтык түрдө күчүнө кирет. Жаңы система салык органдарына… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматынын маалыматына ылайык, 23–26-июнь күндөрү орто жана төмөн басымдагы газ түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Буга байланыштуу Жукеев-Пудовкин, Токомбаев, Сухэ Батор, Юнусалиев жана Безымянная көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы жок болот.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 11 RestPoint иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 11 RestPoint иштеп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы 18 объект курулуп бүткөн, бирок айрымдары ишке кире элек.   Иштебеген RestPoint’тер ишкерлерге ижарага берилүүдө. Түйүндөрдө туристтер эс алып, гаджеттерин кубаттап, чай же кофе ичип, тамак жеп,… Кененирээк…

Бишкекте электр тармактарын жаңылоо иштери жүрүп жатат

Бишкекте электр тармактарын жаңылоо иштери жүрүп жатат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, тарифтерден түшкөн каражаттын эсебинен ордо калаадагы үч ири көмөк чордондо кубаттуулук жогорулатылууда.   “Кыргыз” жана “Мурас” көмөк чордондорунда 40 мегаватт кубаттагы жаңы трансформаторлор орнотулуп жатат. Ал эми “Кызыл-Аскер” көмөк чордонунда эски жабдуу толугу менен… Кененирээк…

Селден улам жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Селден улам жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Жумгалдын Чаек айылында сел жүргөн.   Анын кесепетинен жолду жабууга туура келген. №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техника тартылып, тазалоо иштери… Кененирээк…

Ордо калаада “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөм кызматы ишке кирди

Ордо калаада “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөм кызматы ишке кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, колдонуучулар тиркемеден токтотуучу жайды тандап, унаанын номерин көрсөтүп, төлөмдү ырастай алышат.   Эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин  унаа токтотуу акысы 25 сомду түзөт, ал эми… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди

Бишкекте Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди.   Мэриянын маалыматына ылайык, система тынымсыз көзөмөлгө алынып, анын жыйынтыгына жараша жол кыймылын жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат. Долбоордун максаты — жол тыгындарын азайтуу жана транспорт агымын натыйжалуу башкаруу.

Бишкекте медреседе массалык тамак-аштан уулангандардын саны 58 адамга жетти

Бишкекте медреседе массалык тамак-аштан уулангандардын саны 58 адамга жетти.   Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматына ылайык, алардын 23ү ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.   Учурда 20 бейтап дарыланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, медресенин ишин убактылуу токтотуу сунушталган.

Кыргызстанда жарандык алуу тартиби өзгөрдү

Кыргызстанда жарандык алуу тартиби өзгөрдү.   Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, кыргыз паспортун алган чет элдиктер бир жыл ичинде мурдагы жарандыгынан расмий түрдө баш тартууга милдеттүү болот.   Бул үчүн алар өз өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органдарынан жарандыктан чыгуу тууралуу документ тапшырышы керек.

Opta суперкомпьютери Франция курамасын дүйнө чемпионатынын башкы фаворити деп атады

Opta суперкомпьютери Франция курамасын дүйнө чемпионатынын башкы фаворити деп атады.   Компьютер турнирдин 10 миң виртуалдык моделин түзүп чыгып, Франциянын чемпион болуу мүмкүнчүлүгүн дээрлик 16 пайызга баалаган.   Ал эми учурдагы дүйнө чемпиону – Аргентинанын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 12 пайыздан бир аз жогору деп эсептелген.