«Кара-Кече» ЖЭБинин курулушу жакында башталат

Жумгал районунда “Кара-Кече” жылуулук электр борборунун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирди.   Мамлекет башчысы белгилегендей, бул долбоор аймактын гана эмес, өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшүнө өбөлгө болот.   “Кара-Кече” жылуулук электр борборунун… Кененирээк…

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Жергиликтүү бийлик билдиргендей, учурда аймакта селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштер жүрүүдө.   Маалыматка ылайык, 22-июнда нөшөрлүү жаандын кесепетинен аймакта катуу сел жүрдү, табигый кырсык түрдүү чыгымдарга алып келди.   Азыркы тапта тиешелүү кызматтар атайын техникаларды тартуу менен селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин… Кененирээк…

Талас облусунда селдин кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселелери талкууланды

Талас облусунда селдин кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.   Президенттин өкүлү Эрмат Жумаев өткөргөн жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын өкүлдөрү, район акимдери жана жергиликтүү жетекчилер катышты. Жыйында 20–21-июнда катталган селдин кесепеттерин тез арада жоюу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана алдын алуу иштерин… Кененирээк…

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 1-сентябрдан тартып жогорулайт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 1-сентябрдан тартып жогорулайт.   Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн кошумча төлөм 50 пайызга көтөрүлөт, ошондой эле ай сайын 15 миң сом компенсация берилет. Белгилеп кетсек, маяна эки этап менен жогорулатылып, биринчи этап апрелде ишке… Кененирээк…

Орто-Токой ГЭСинин курулушу соңку этапка жакындады

Орто-Токой ГЭСинин курулушу соңку этапка жакындады. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда объектте акыркы курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.   ГЭСти июль айына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Адистерге иштердин сапатын көзөмөлдөп, бекитилген графиктен четтөөгө жол бербөө тапшырылды. Белгилеп кетсек, Орто-Токой ГЭСинин кубаттуулугу 21 МВтты түзөт.

Лионель Месси футбол боюнча Дүйнө чемпионаттарынын тарыхында эң көп гол киргизген оюнчу болду

Лионель Месси футбол боюнча Дүйнө чемпионаттарынын тарыхында эң көп гол киргизген оюнчу болду.   Аргентина Австрияны 2:0 эсебинде утуп, плей-оффко чыкты. Кошумча убакытта Месси дагы бир гол киргизип, Дүйнө чемпионаттарындагы голдорунун санын 18ге жеткирди. Ошентип ал Германиянын мурдагы чабуулчусу Мирослав Клозенин рекордун (16 гол) жаңылады.… Кененирээк…

Бишкекте 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы карызы үчүн өчүрүлүшү мүмкүн

Бишкекте 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы карызы үчүн өчүрүлүшү мүмкүн. “Бишкек электр тармактары” ишканасынын маалыматына ылайык, 23-июнда автоматташтырылган система аркылуу карызы бар абоненттердин электр энергиясы аралыктан өчүрүлөт.   Ишкана жарандарды электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырды. Төлөмдөр почта, терминалдар жана электрондук капчтыктар… Кененирээк…

Өлкөдөгү көйгөйлүү курулуш объекттерин инвентаризациялоо жана мыйзамдаштыруу иштери уланууда

Өлкөдөгү көйгөйлүү курулуш объекттерин инвентаризациялоо жана мыйзамдаштыруу иштери уланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекте 38 жана Кызыл-Кыяда 2 көп кабаттуу үйгө шайкештик актылары тапшырылды.   Бул үйлөр 10–15 жыл мурун курулганына карабай расмий пайдаланууга берилбей келген. Натыйжада тургундар батирлерин каттай албай, коммуналдык кызматтар үчүн коммерциялык… Кененирээк…

Баткен шаарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Баткен шаарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ жааган жаан-чачындан улам сел жүрүп, электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн.   Натыйжада шаардык таза суу кампасына суу топтолбой калган. Калкты суу менен камсыздоо иштери атайын техниканын жардамы аркылуу жүргүзүлөт. Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалды… Кененирээк…

Кыргызстанда ирригация системасын модернизациялоого донорлор тарабынан 172 млн доллар бөлүнөт

Кыргызстанда ирригация системасын модернизациялоого донорлор тарабынан 172 млн доллар бөлүнөт.   Бул тууралуу The Times of Central Asia кабарлады. Каражатты Дүйнөлүк банк, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду жана Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги бөлөт.   Долбоор ирригация тармактарын жаңылоого, суу коопсуздугун… Кененирээк…