Кыргызстан ЕӨБнын 20 жылдыгына арналган атайын почта маркасын жүгүртүүгө чыгарды

Кыргызстандын почтасы Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) 20 жылдыгына арналган атайын почта маркасын жүгүртүүгө чыгарды. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, марканын биринчи нускасына салтанаттуу түрдө мөөр басуу аземи ЕӨБдүн жылдык жыйынынын жана Ишкердик форумунун алкагында өттү. Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ЕӨБ башкармалыгынын төрагасы… Кененирээк…

1-июлдан тартып карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

  Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.   Эгерде карыздан улам газ берүү токтоп калса, аны кайра калыбына келтирүү үчүн арыз берүү талап кылынат.   Белгиленгендей, кайра туташтыруу акысы 1 миң 270 сомду түзөт жана үч күн күтүү керек.   Карызды «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси,… Кененирээк…

Ноокенде төрт айылды бириктирген жолго асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда төрт айылды бириктирген Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна асфальт төшөлдү.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйыл аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт басуу каралган.   Маалыматка ылайык, бул жолду капиталдык оңдоо иштери биринчи жолу жүрүүдө.

Кадамжайда стадион реконструкцияланып, музей комплекси өнүктүрүлөт

Кадамжайда «Металлург» стадиону жаңыланып, Молдо Нияздын музей комплекси өнүктүрүлөт.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, спорттук жай толугу менен заманбап талаптарга жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирилет.   Стадиондун аймагы көрктөндүрүлүп, инфраструктурасы жакшыртылат жана шаар тургундары үчүн заманбап воркаут аянтчалары курулат.   Ошондой эле алгачкы… Кененирээк…

Бишкекте муниципалдык унаа токтоочу жай сыноо иретинде иштеп баштады

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы сыноо режиминде ишке киргизилди.   Мэриядан билдиришкендей, объект Жеңиш аянтынын аймагында, Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан. Анда 95 унаага ылайыкталган орун бар жана 24 саат бою иштейт.   Алгачкы 15 мүнөт акысыз, биринчи эки саатка унаа токтотуунун… Кененирээк…

Чым-Коргондогу темир жол бекети убактылуу жабылат

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, аталган бекет 30-июнда күндүзгү саат 10дон 2ге чейин оңдоо иштерине байланыштуу жабык болот.   Айланма жол катары Жаңы-Алыш айылындагы темир жол өтмөгү пайдаланылат.   Чым-Коргондогу темир жол бекети Токмок — Кемин аралыгынын 3858-чакырымында жайгашкан.

Бүтүрүүчүлөргө күбөлүк жана аттестаттар тапшырылды

Өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, быйыл 11-классты 80 миңден ашык, ал эми 9-классты 136 миңден көп окуучу аяктап жатат. Алардын ичинен 11-класстын 4 миң 89 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 5 миң 694… Кененирээк…

Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө убакыт берилет

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол коюлду.   Ага ылайык, алар 1-июлдан 31-июлга чейин кат алуу үчүн жүргөн жери боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу керек. Документти алгандан кийин чет өлкөлүк же жарандыгы жок… Кененирээк…

Кыргызстандагы аптаптуу ысык кийинки жумада басаңдайт

Кыргызстандагы аптаптуу ысык кийинки жумада басаңдайт.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, азыркы +38 градуска чейинки ысыктан кийин өлкөгө жамгыр, күн күркүрөө жана салкын аба ырайы келет.   Бишкекте ысык айдын аягына чейин сакталат. Ал эми 1-июлдан тартып абанын температурасы күндүз 10–15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Ал… Кененирээк…

Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданды

Бүгүнтөн тартып Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданды.   “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын маалыматына ылайык, самолет аптасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат.   Бир тарапка авиабилеттин баасы 6 миң 500 сомду түзөт.