Бишкекте Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү 10 күнгө жабылат

Бүгүнтөн тарта Бишкекте Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү 10 күнгө жабылат.   Муниципалиттен билдиришкендей, канализация тармагын куруу иштерине байланыштуу аталган көчөнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн чектелет.   Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап алуу сунушталат.

Таразда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Казакстандын Жамбыл облусунун Тараз шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Жеңишбек Асанкулов, Тараз шаарынын акими Бакытжан Орынбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Алибий Жуманов, жаңы дайындалган ардактуу консул Жанузак Бейсеубаев жана эки өлкөнүн… Кененирээк…