Бишкек Астанага жер алмашууну сунуштады

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын Токмок шаарынын тушундагы Казакстан ээлик кылган 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча Астанага сунуш берилди.   Маалыматка ылайык, бул жол Бишкектин Алматы көчөсүнөн баштап Кемин районуна чейин, 150 чакырымдай акы төлөнүүчү автомагистраль болот.

Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча аба каттамдар жанданат

Ушул жылдын 26-июнунан тартып Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданат.   “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, самолет аптасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат.   Бир тарапка авиабилеттин баасы 6 миң 500 сомду түзөт.

Ордо калаада Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү 26-июндан тартып убактылуу жабылат

Ордо калаада Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү 26-июндан тартып убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкеде реконструкция иштери жүргүзүлөт.   Долбоордун экинчи этабында Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүктө да унаа кыймылы чектелет.

Бишкектеги автобустарда валидаторлордун саны көбөйтүлөт

Бишкектеги автобустарда валидаторлордун саны көбөйтүлөт.   Вице-мэр Рамиз Алиев билдиргендей, автобустардын арткы эшигине дагы кошумча валидатор орнотуу пландалууда.   Учурда аппараттар алдыңкы эшикте гана жайгашып, бул кире бериште тыгындарды жаратууда. Жаңы система киргизилсе, накталай эмес төлөм толук иштеп, автобуска кирүү жана чыгуу бардык эшиктер аркылуу… Кененирээк…

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын көлөмү апрель айында 260 млн долларга жакындады

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын көлөмү апрель айында 260 млн долларга жакындады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн — 239,8 млн доллар.   Ал эми алыскы чет мамлекеттерден 20 млн долларга жакын каражат которулган. Ошол эле учурда… Кененирээк…

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентте билдирди.   Анын айтымында, мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, шайлоо мурдагыдай январдын акыркы жекшембисинде эмес, январдын акыркы шаршембисинде өткөрүлөт. Ошондой эле Конституциялык соттун чечимине ылайык, өлкөдө президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу тартиптер… Кененирээк…

Криштиану Роналду дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы голдорунун санын 10го жеткирди

Криштиану Роналду дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы голдорунун санын 10го жеткирди. Кечээ Өзбекстанга каршы өткөн беттеште Португалия 5:0 эсебинде жеңишке жетип, Роналду жеке эсебине эки топту жаздырды.   Белгилеп кетсек, дүйнө чемпионаттарындагы голдордун саны боюнча 16 гол менен биринчи орунга Лионель Месси чыкты, экинчиде германиялык Мирослав Клозе… Кененирээк…

Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги “Бирдиктүү терезе” санариптик тутумун ишке киргизет

Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги “Бирдиктүү терезе” санариптик тутумун ишке киргизет. Жаңы система мамлекеттик кызматтарды онлайн форматка өткөрүп, бюрократияны азайтууга багытталган.   Анын жардамы менен жарандар документтерди электрондук түрдө тапшырып, кайрылуулардын жүрүшүн онлайн көзөмөлдөп, лицензия жана уруксат кагаздарын аралыктан ала алышат. Юридикалык жактар үчүн системада… Кененирээк…

Кыргызстанда ОСАГО боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү өсүүдө

Кыргызстанда ОСАГО боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү өсүүдө. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жыл башынан бери мындай учурлардын саны 1 миңден ашып, жарандарга 101 млн сом берилди.   2025-жылы 900 учур катталып, жалпы 86 млн сомдон ашык компенсация берилген. Адистер бул өсүштү камсыздандыруу системасынын кеңейиши жана… Кененирээк…

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди 26-июндан тартып күн сайын каттай баштайт

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди 26-июндан тартып күн сайын каттай баштайт. “Кыргыз темир жол” ишканасынын маалыматына ылайык, поезд Бишкек-2 станциясынан саат 8де чыгып, Балыкчыга 12де жетет.   Жолдо Кант, Ивановка, Токмок жана Кемин станцияларына токтойт. Туристтик сезонго байланыштуу поезд  13-сентябрга чейин күн сайын жүрөт. Курамда… Кененирээк…