Ысык-Көлдө туристтик сезондун алдында суунун сапаты текшерилди

Ысык-Көлдө туристтик сезондун алдында суунун сапаты текшерилди.   Экологиялык мониторинг департаменти билдиргендей, негизги химиялык көрсөткүчтөр боюнча суу санитардык талаптарга жооп берет.   Июнь айынын башында жүргүзүлгөн биринчи текшерүүдө адистер пляждарды жана дарыялардын куймаларын изилдешкен. Мындай текшерүүлөр сезон ичинде дагы эки жолу — июлдун аягында жана… Кененирээк…

Кыргызстанда мектептик билим берүү расмий түрдө 12 жылдык системага өттү

Кыргызстанда мектептик билим берүү расмий түрдө 12 жылдык системага өттү. Министрлер кабинети тиешелүү чечим кабыл алып, жаңы окуу түзүмүн 6+3+3 форматына ылайык бекитти.   Ага ылайык, алгачкы 6 жыл башталгыч билим берүү болсо, кийинки эки баскыч үч жылдан окутулат. Ошондой эле окуу жылынын узактыгы класстарга… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жетти

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан белгилүү болгондой, бүгүн өлкөнүн энергосистемасындагы суткалык электр жарыгын керектөө 47 миллион 112 миң кВт/саатка чыкты.   Компаниянын маалыматына караганда бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Өткөн жылдын 29-июнунда керектөө 40 миллион кВт/сааттын тегерегинде болгон.   Электр энергиясын… Кененирээк…

Бишкекте жаңы автобекеттин курулушу уланууда

Объект жалпысынан тогуз блоктон турат.   Комплексте айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, чоң күтүү залы, административдик имарат, соода жайлары, ошондой эле шаар жана эл аралык автобустар, жеңил унаалар үчүн өзүнчө унаа токтотуучу жайлар каралган.   Курулуш иштерин ушул жылдын август айына чейин бүтүрүү пландалууда.

Өзгөндө 4 миң орунга ылайыкталган заманбап базар курулууда

Жергиликтүү бийликтен маалым болгондой, жаңы соода комплекси шаардын сыртындагы дээрлик 14 гектар жер тилкесине жайгашууда. Анда соода жайларынан тышкары көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай, банктар, кафе жана туристтер үчүн өзүнчө аймак каралган.   Объект пайдаланууга берилгенден кийин жергиликтүү бюджетке ай сайын 10 миллион сомго чейин… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, 1-июлдан 5-июлга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.   Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Эртеңден тарта карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.   Эгерде карыздан улам газ берүү токтоп калса, аны кайра калыбына келтирүү үчүн арыз берүү талап кылынат. Белгиленгендей, кайра туташтыруу акысы 1 миң 270 сомду түзөт жана үч күн күтүү керек.   Карызды «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси, расмий сайттагы… Кененирээк…

Футбол: Канада, Бразилия, Парагвай жана Марокко 1/8 финалга чыкты

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын алкагында Бразилиянын улуттук курама командасы Жапонияны 2:1 эсебинде утту.   Мунун алдында Канада Түштүк Африка Республикасын 1:0 менен жеңип, бул курама команда да кийинки баскычка өткөн.   Парагвай футболчулары Германияны 4:3 менен утуп, дүйнө чемпионатынын фавориттеринин бири – Германияны… Кененирээк…

Улуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасады

Улуттук банк ушул жылдагы эң ири интервенция жасап, валюта базарына 222 миллион 550 миң доллар сатты.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси акыркы жолу 8-июнда 86 миллион 50 миң доллар саткан.   Улуттук банк доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын… Кененирээк…

Баткенде катуу шамалдын чыгымы 16 млн сомду түздү

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, 27-июнда Баткен шаарында жана Баткен, Лейлек райондорунда ылдамдыгы секундасына 27-28 метрге чейин жеткен шамалдын кесепетинен келген чыгым эсептелди.   Алдын ала эсеп боюнча жалпы келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 16 миллион сом болду.   Жаратылыш кырсыгынын айынан айрым… Кененирээк…