Зинедин Зидан дүйнө чемпионатынан кийин Франциянын курамасынын башкы машыктыруучусу болот

Зинедин Зидан дүйнө чемпионатынан кийин Франциянын курамасынын башкы машыктыруучусу болот.   Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар журналист Фабрицио Романого таянып жазышты.   Маалыматка ылайык, 14 жылдан бери команданы жетектеп келген Дидье Дешам кызматынан кетет. Эске салсак, Франция дүйнө чемпионатынын жарым финалында Испанияга 0:2 эсебинде утулуп,… Кененирээк…

Кыргызстанда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемеси ишке кирди

Кыргызстанда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемеси ишке кирди.   Ал аркылуу жарандар жана чет өлкөлүктөр мамлекеттик чек арадан өтүү, өткөрүү пункттарынын иши тууралуу маалымат алып, өлкөдөн чыгууга убактылуу чектөө бар-жогун алдын ала текшере алышат.   Азырынча тиркеме Android түзмөктөрүндө жеткиликтүү, ал эми iPhone үчүн версиясы… Кененирээк…

“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу кийинки жылы аяктайт

“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу кийинки жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев билдирди.   Анын айтымында, аэропорт Сузак районунда курулууда. Учуп-конуу тилкесинин узундугу 3 миң 800 метрди түзөт. Жаңы аба майданда саатына  350 жүргүнчүнү тейлей алган үч кабаттуу терминал… Кененирээк…

Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, 186,4 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, 186,4 миллион доллар сатты. Ошол эле учурда доллардын орточо курсу өзгөргөн жок. Учурда анын сатуу баасы 87 сом 80 тыйынды түзүүдө.   Бул — быйылкы жылдагы тогузунчу интервенция. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 1 миллиард 472,6 миллион доллар… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү.   Мындай маалыматты ушул жылдын январь–май айларына Улуттук статистика комитети жарыялады. Мекеменин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга жогорулаган.   Орточо эмгек акынын эң жогорку деңгээли маданият, көңүл ачуу жана эс алуу,… Кененирээк…

Эми коррупция тууралуу «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Мекемеге караштуу «Укук» мамлекеттик мекемеси «Түндүк» мобилдик тиркемесине интеграцияланган «Коррупция жөнүндө билдирүү» санариптик кызматын ишке киргизди.   Кайрылуу жөнөтүү үчүн электрондук форманы толтуруу, зарыл болгон учурда ырастоочу материалдарды тиркөө керек.   Арыз ээсинин тандоосу боюнча кайрылуу Башкы прокуратурага же… Кененирээк…

“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу 2027-жылы аяктайт

Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев билдирди.   Жаңы салынып жаткан аба майданда саатына 350 жүргүнчүнү кабыл ала турган 3 кабаттуу терминал иштейт. Аэропортту курууга Сузак районунун Багыш айыл аймагынан 380 гектардан ашык жер бөлүнүп берилген.   Белгиленгендей, азыркы аба майдан шаар… Кененирээк…

Эртеңден тарта Баткенден Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдиргендей, Баткен — Тамчы — Баткен багыты боюнча алгачкы сезондук каттам 16-июлда ишке кирет.   Самолет ар бейшемби күнү учат жана бир тарапка билеттин баасы 6 миң 500 сомду түзөт.

“Олд Бишкек” соода комплекси кемчиликтерди оңдогонго чейин жабылат

Тиешелүү тапшырманы калаа башчы Айбек Жунушалиев берди.   Маалыматка ылайык, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.   Айбек Жунушалиев… Кененирээк…

Таластагы көп кабаттуу 70 үйдүн сырты жаңыртылууда

Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн жаңылоо жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, жаңылоо иштерине керектүү каражат мамлекеттик Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген.   Учурда бардык оңдоо иштери бекитилген пландын негизинде уланууда.