Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы жакында көтөрүлбөйт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы жакында көтөрүлбөйт.   Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат.   Бааны негизсиз жогорулаткандар айыпка тартылат. Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буга… Кененирээк…

Кара-Кечедеги селдин кесепеттери жоюлууда

Кара-Кечедеги селдин кесепеттери жоюлууда.   Кара-Кече аймагында жаан-чачын дагы эле токтой элек. Үзгүлтүксүз жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун айрым тилкелери жабыркаган.   Учурда «Кыргызкөмүр» ААК өз күчү жана атайын техникалары менен селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Адистер суунун агымын жөнгө… Кененирээк…

Бүгүнтөн тартып Бишкекте түнкү автобустар каттап баштайт

Бүгүн түнкү саат 11ден тартып Бишкекте түнкү автобустар каттап баштайт.   Мэриядан билдиришкендей, аларда жол кире накталай эмес 70 сом, накталай 90 сом болот.   Пилоттук биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 автобустар каттамга чыгат. Алар таңкы саат 5ке чейин жүргүнчү ташыйт.

Эми пенсия автоматтык түрдө чектеле баштайт

Социалдык фонд пенсияларды чектөө процессин толугу менен санариптештире турган жаңы маалыматтык тутумду ишке киргизет.   Мекемеден билдиришкендей, бул реформанын алкагында пенсияга чыгуу үчүн жарандардан маалымкаттарды чогултуу талап кылынбайт.   Жаңы система адамдын эмгек стажы, кирешелери тууралуу маалыматтарды тиешелүү базалардан өз алдынча топтоп, төлөмдүн өлчөмүн эсептөө… Кененирээк…

Селден улам Кара-Кече кенине барчу жол толугу менен жабылды

Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Нарындагы Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү.   Табигый кырсыктын айынан аталган каттамдын 30-32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келген. Натыйжада Кара-Кече көмүр кенине алып баруучу жолдо бардык унаа кыймылы токтотулду.   «Кыргызкөмүр» ишканасы жүк ташуучу… Кененирээк…

Түндүк–Түштүк унаа жолунда каттам ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолуна кулаган таштар тазаланды.   Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, бүгүн эртең менен саат 9дар чамасында жолдун 239-243-чакырымында тоо боорунан таш кулаган.   Учурда жол ачык, унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз жүрүүдө.   Айдоочуларга бул тилкеде этият болуп, жол белгилерин жана тиешелүү кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн… Кененирээк…

Күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган запасы бар

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган запасы бар. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.   Маалыматка ылайык, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Россиядан импорттолот. Өлкө негизинен Россиядан бензин, солярка, авиакеросин, битум жана чийки… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Астана — Тамчы — Астана багыты боюнча түз авиакаттам ачылат

Бүгүнтөн тарта Астана — Тамчы — Астана багыты боюнча сезондук түз авиакаттамдар ишке кирет.   “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдиргендей, учактар 31-августка чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт.   Эске салсак, буга чейин Алматыдан дагы ушундай сезондук каттам ачылган. Алматы — Тамчы… Кененирээк…

Ош шаарынын күнүнө карата дагы 10 эс алуу аймагы ачылат

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Учурда парктар курула турган жерлер аныкталды.   Жаңы эс алуучу жайлар мурда каралбай калган, эски көп кабаттуу үйлөрдүн жанында шаардын ар бир аймагына курулат. Жашыл аймакта балдар аянтчасы, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган.   Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, 5-октябрь… Кененирээк…

Мэрлер менен акимдер жылына эки жолу эл менен жолугууга милдеттендирилди

Кыргызстанда мэрлер менен акимдер жылына эки жолу эл менен жолугууга милдеттендирилди. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду.   Документти Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 10-июнунда кабыл алган. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары-акимдер калк менен жылына эки жолу, ар бир жылдын… Кененирээк…