Апофис астероиди 2029-жылы Жерди аралап өтөт

2029-жылы Апофис астероиди (Күндү айланып жүргөн чоң асман телосу) Жерге эң жакын учуп өтөт.   Окумуштуулардын айтымында, 13-апрелде боло турган бул сейрек кездешүүчү көрүнүштү дүйнө жүзү боюнча болжол менен 7 миллиард 600 миллион адам байкай алат.   Астероид Жерден 31 миң чакырым аралыкта өтөт жана… Кененирээк…

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда селдин кесепеттери жоюлууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, табигый кырсык кечээ, 7-июлда кечки саат 5ке жакын нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин болгон.   Сел суулары жолдун жээгине жана айрым тилкелерине зыян келтирген.   Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Унаалардын кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Коомдук транспортто бир нече жолу акысыз автобус алмаштыруунун жол-жобосу айтылды

Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто алгачкы төлөмдү жүргүзүп, 60 мүнөт ичинде бир нече жолу акысыз автобус алмаштыргандардын акчасы картадан дароо алынбашы мүмкүн. Мунун себебин Novosti.kgге “Тулпар” долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков айтып берди.   “Кээ бирлерде азыр түшүнбөстүк болуп жатат: “Мен үйдө отурсам деле 17… Кененирээк…

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатат

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча Өзбекстанга кайрылуусуна жооп алды. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.   Анын айтымында, өзбек бийлиги Кыргызстанга май сатууга оң жооп берди. Кыргыз өкмөтү казак бийлигинен жооп күтүүдө.   Министрлик июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Россия, Беларус, Азербайжан,… Кененирээк…

Фрунзе көчөсүндө жылуулук тармактарын оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жылуулук сезонуна даярдык көрүү максатында Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын пландуу жаңылоо иштери уланууда.   “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, иштер бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат.   Учурда адистер траншеяларды казып, жаңы түтүктөрдү жана темир-бетон лотокторун орнотуп, ширетүү иштерин жасашууда.

Бишкекте “Мурас” көмөк чордонун реконструкциялоо иши уланууда

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, шаардын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан подстанция ири инфраструктуралык объекттерди электр энергиясы менен камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ.   Реконструкция аяктагандан кийин көмөк чордон 51 миң 200 көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” стадионун, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплекстерин электр энергиясы… Кененирээк…

Бишкектин автобустарында 60 мүнөт ичинде бир нече жолу акысыз жүрсө болот

“Тулпар” картасын колдонгондор биринчи автобуска түшүп, акча төлөгөндөн кийин 1 саат ичинде муниципалдык коомдук транспортто бир нече жолу бекер жүрө алышат. Система кандай иштей турганын Novosti.kgге долбоордун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков түшүндүрүп берди.   “Биринчи төлөм жүргүзгөндөн кийин картадан 17 сом алынат, андан кийин… Кененирээк…

Ноокатта 24 млн сомго жаңы спорт комплекс курулду

Ноокат районунун Муркут айылында жаңы спорткомплекс курулду.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 24 млн сомду түздү.   Спорткомплексте спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, ошондой эле волейбол, баскетбол жана футбол боюнча машыгууга жана мелдеш өткөрүүгө… Кененирээк…

Өлкө аймагында сел коркунучу сакталууда

Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.   “Кыргызгидромет” кызматы билдиргендей, ушул жылдын 9-июлунан 13-июлуна чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө. Мындан улам айрым жерлерде дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Жарандарга коопсуздук эрежелерин… Кененирээк…

Чүй облусунда 21 миң ипотекалык батир куруу пландалууда

Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев “Кабар” агенттигине билдирди.   Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Чүй облусунда беш турак жай долбоору ишке ашырылып, дагы 2-3 долбоор даярдалып жатат. Анын алкагында жалпы 21 миң батирди пайдаланууга берүү пландалууда.