Бишкекте 900 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулууда

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, объект тогуз кабаттуу болот.   Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушунун алкагында жол кыймылына тоскоол болгон объектилер демонтаждалат.

Коомдук транспортто жол кире толугу менен накталай эмес төлөнө баштады

Бишкектин муниципалдык коомдук транспортторунда жол кире толугу менен накталай эмес түрдө төлөнө баштады. Бул тууралуу Novosti.kgге “Тулпар” долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.   “Мисалы, 30-июнда 550 миң жол кире накталай эмес төлөнсө, 1-июль күнү бул көрсөткүч 720 миңге чыкты. Ал эми кечээ күнү… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу боюнча бирдиктүү чалуу борбору иштеп баштады

Кыргызстанда жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу боюнча бирдиктүү чалуу борбору иштеп баштады.   Эми абитуриенттер жана алардын ата-энелери 110 кыска номерине акысыз чалып, кабыл алуу өнөктүгү, конкурстук тандоо, окууга кабыл алуу жана адистик тандоо боюнча кеп-кеңеш ала алышат. Чалуу борбору 31-августка чейин иштейт.

Айыл чарба министрлиги эттин баасын турукташтыруу максатында жаңы долбоорду баштады

Айыл чарба министрлиги эттин баасын турукташтыруу максатында жаңы долбоорду баштады. Анын алкагында Чүй облусунда ири бодо мал бордоп семиртүүчү чарбалар түзүлөт.   Алгачкы этапта 2 миң 500 баш бодо мал бордоого коюлуп, жакынкы эки жылда алардын саны 20 миң башка чейин көбөйтүлөт. Министрликтен белгилешкендей, бул… Кененирээк…

Алдыдагы кышта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

Алдыдагы кышта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт.   Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен толук камсыздоо үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.   Министр өзгөчө кырдаалдар жаралса, аварияларды ыкчам жоюу үчүн атайын бригадалар… Кененирээк…

Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө

Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, беш айда өлкөнүн электр станциялары 4 млрд 693,5 млн киловатт-саат электр энергиясын өндүрдү.   Ал эми Бишкек ЖЭБинде 1 млрд 148 млн киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлүп, план 103 пайызга аткарылды. Ведомство быйыл 4 млрд… Кененирээк…

Быйыл Ош шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн сырткы фасады жаңыланат

Быйыл Ош шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн сырткы фасады жаңыланат. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, иштер “кош каржылоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.   Анын негизинде чыгымдын жарымын мэрия, калганын батир ээлери төлөйт. Учурда 30 үйдүн фасады толугу менен оңдолуп бүтүп, дагы  15 үйдө иштер жүрүп жатат.

Бүгүнтөн тарта Ташкент менен Ысык-Көлдүн ортосунда түз аба каттамы ачылды

Бүгүнтөн тарта Ташкент менен Ысык-Көлдүн ортосунда түз аба каттамы ачылды. Туристтик каттам жумасына бир жолу — шаршемби күндөрү аткарылып, учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт.   Жаңы багыт туристтерге Ысык-Көлдүн жээгине тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бишкекте “Тулпар” картасынын ээлери үчүн акысыз которулуп түшүү кызматы жеткиликтүү

Бишкекте “Тулпар” картасынын ээлери үчүн акысыз которулуп түшүү кызматы жеткиликтүү. Эми көк түстөгү карта менен жол киресин төлөгөн жүргүнчүлөр бир сааттын ичинде кошумча төлөмсүз башка автобуска өтө алышат.   Биринчи акысыз которулуу төлөмдөн кийин 10 мүнөттөн соң жеткиликтүү болуп, бир саат ичинде беш жолуга чейин… Кененирээк…

Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөр менен биргелешкен бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат

Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөр менен биргелешкен бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин төрагасынын орун басары Дамирбек Бикулов билдирди.   Анын айтымында, жалпы суммасы 150 миллион доллардан ашкан меморандумдарга кол коюлду. Алардын арасында Карачи порту аркылуу логистиканы өнүктүрүү, фармацевтикалык… Кененирээк…