“Манас” эл аралык аэропорту ишин жандантты

  “Манас” эл аралык аэропорту ишин жандантты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти. Ишканадан белгилешкендей, каттамдар жаңыланган жүгүртмөгө ылайык аткарылат.   Эске салсак, кечээ “Манас” эл аралык аэропортунда асманга жаңы көтөрүлөрүн учактын арткы шассиси сынып кеткен. Буга байланыштуу аба кемеси сол канатына кыйшайып, өйдө көтөрүлүүгө… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыккан бардык курамалар аныкталды

Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыккан бардык курамалар аныкталды. Акыркы жолдомону түндө Швейцария камсыздап, чейрек финалда учурдагы чемппион Аргентина менен беттешет.   Чейрек финалдык оюндар 9-июлда башталат, бул күнү Франция — Марокко жарым финалга чыгуу укугун талашса, 10-июлда Испания — Бельгия курамалары кез келет. 11-июлда дароо… Кененирээк…

9-июлда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

9-июлда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, суу берүү эртең мененки саат 9дан түнкү 3кө чейин токтотулат.   Чектөө Алма-Ата көчөсүн, Чыгыш-5 кичи районун, Лебединовканын айрым бөлүгүн, ошондой эле “Мадина” базары жайгашкан аймакты камтыйт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга берилген жеңилдетилген насыялар аймактарда дагы жайылтылышы мүмкүн

Экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга берилген жеңилдетилген насыялар аймактарда дагы жайылтылышы мүмкүн.   Бул тууралуу Каржы министрлигинин Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Мусакожоева билдирди.   Анын айтымында, азырынча пилоттук долбоор Бишкек шаарында жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда иштеп жатат. Долбоордун алкагында жарандар 1 миллион сомго… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга бензин жеткирүү боюнча расмий өтүнүчүн карап жатат

Казакстан Кыргызстанга бензин жеткирүү боюнча расмий өтүнүчүн карап жатат.   Бул тууралуу Казакстандын энергетика вице-министри Кайырхан Туткышбаев билдирди. Анын айтымында, чечим өлкөнүн күйүүчү май коруна талдоо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынат.   Буга чейин Кыргызстандын Энергетика министрлиги күйүүчү май сатып алуу боюнча кайрылуулар Россия, Казакстан, Беларусь,… Кененирээк…

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын мамлекеттик жөнгө салуу  жокко чыгарылды

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын мамлекеттик жөнгө салуу  жокко чыгарылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Документке ылайык, АИ-95 маркасындагы бензин социалдык маанидеги товарлардын тизмесинен чыгарылып, ага чекене баанын эң жогорку чегин белгилөө нормасы да күчүн жоготту. Токтом 7-июлдан тартып күчүнө… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Аргентина менен Швейцария чейрек финалга жолдомо алышты

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Аргентина менен Швейцария чейрек финалга жолдомо алышты. Аргентина Египетти 3:2 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өттү.   Ал эми Швейцария менен Колумбиянын негизги жана кошумча убактысы голсуз аяктап, беттештин тагдыры пенальтилер сериясында чечилди. Анда швейцариялыктар 4:3 эсебинде үстөм чыгып, чейрек финалга жолдомо… Кененирээк…

Бишкекте автобустарда акысыз которулуп түшүү тарифи популярдуу болууда

Бишкекте автобустарда акысыз которулуп түшүү тарифи популярдуу болууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, система ишке кирген алгачкы алты күндө жүргүнчүлөр  56 миңден ашык жолу акысыз которулуп түштү.   Бул үчүн биринчи жол кирени накталай эмес төлөө жетиштүү. Андан кийин 60 мүнөттүн ичинде башка муниципалдык коомдук транспортко… Кененирээк…

Кытай менен Беларусь Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө макулдугун берди

Кытай менен Беларусь Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, Кытайдан 3 миң тонна авиакеросин жеткирүү боюнча келишим бекитилип, кошумча 5 миң тонна дизель сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.   Ошондой эле… Кененирээк…