Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын көтөрүүгө мораторий киргизилди

Президент Садыр Жапаров калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатууга убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койду.   Мындай мораторий бир жылдык мөөнөткө киргизилди жана анын максаты жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоого жана калкка кошумча финансылык жүктүн түшүшүнө жол бербөөгө багытталган.

Чүйдө аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай зонасын түзүү пландалууда

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Чүй районундагы өнөр жай зонасын өнүктүрүү маселелери боюнча көчмө кеңешме өткөрдү. Иш-чаранын алкагында ал жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай зонасын түзүү долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты. Учурда жалпы аянты 202 гектарды түзгөн жер тилкеси… Кененирээк…

Мугалимдер үчүн маалым кат алуу толугу менен санариптешти

Агартуу министрлиги «Түндүк» ААК менен биргеликте мугалимер үчүн иштеген жеринен маалым кат алуу боюнча жаңы санарип кызматты ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, маалым катты мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилик тиркемеси же веб-порталы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде алууга болот. Маалым кат автоматтык түрдө «Мугалим» автоматташтырылган… Кененирээк…