Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жаңы сейил бактын курулушу 70 пайызга аяктады

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жаңы сейил бактын курулушу 70 пайызга аяктады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иштер график боюнча жүрүп жатат.   Сейил бакта балдар аянтчасы, воркаут зонасы жана автоматтык сугаруу системасы болот. Эс алуу жайын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

13-июлга карата Кыргызстандан “жашыл коридордун” алкагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн 500гө жакын чет өлкөлүк жаран чыгып кетти

13-июлга карата Кыргызстандан “жашыл коридордун” алкагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн 500гө жакын чет өлкөлүк жаран чыгып кетти.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул айдын аягына чейин мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер өлкөдөн айып төлөбөстөн чыгып кете алышат. Учурда Кыргызстанда миграция талаптарын бузган 5 миңге жакын… Кененирээк…

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда.   Тиешелүү долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, кыймылсыз мүлктү аралыктан каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.   Электрондук кол тамгасы бар жарандар документтерди онлайн тапшырып, мамлекеттик кызмат акысын төлөп, процедураны каттоо органына барбай эле жүргүзө алышат. Ошондой эле мүлк… Кененирээк…

Бишкек – Торугарт жолунда Чүй облусунун милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

  Дем алыштан кийин Ысык-Көлдөн кайтып келе жаткан унаалар көбөйгөндүктөн, Бишкек – Торугарт жолунда Чүй облусунун милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Тартип сакчылары жол кыймылын жөнгө салып, тыгындардын алдын алуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барууда. Айдоочуларга ылдамдыкты ашырбоо, жол эрежелерин жана милиция… Кененирээк…

Аптаптуу ысык болгон учурлары иш күнүн кыскартуу Эмгек кодексинде каралган эмес

Аптаптуу ысык болгон учурлары иш күнүн кыскартуу Эмгек кодексинде каралган эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Мыйзам анын ордуна иш берүүчүлөрдү кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын түзүп берүү милдетин тагат. Эске салсак, синоптиктер 14–18-июлда өлкөдө күн катуу ысып, кээ бир аймактарда 43… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн jumush.gov.kg улуттук платформасы күзүндө ишке кирет

Кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн jumush.gov.kg улуттук платформасы күзүндө ишке кирет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.   Платформа “Түндүк” системасы менен интеграцияланып, анда өлкө боюнча бош жумуш орундарын жарыялоо пландалууда. Долбоор жаштарды жумуш менен камсыздоону жеңилдетүүгө багытталган.

Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу уланууда

Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу уланууда.   Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, учурда тоннелдерди курууга өзгөчө көңүл бурулууда. Сөөк тоннелинин казылган бөлүгү 365 метрге, ал эми Ашуу-Суу тоннели 270 метрге жетти.   161 чакырымдык жолдун бардык тилкесинде иштер жүрүп жатат. Долбоор аяктагандан кийин Кыргызстан менен… Кененирээк…

Перуда футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда 468 ымыркайга Холанд, дагы 91ине Эрлинг Холанд деген ысым ыйгарылды

Перуда футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда 468 ымыркайга Холанд, дагы 91ине Эрлинг Холанд деген ысым ыйгарылды. Ата-энелер балдарына Норвегиянын жылдыз футболчусу Эрлинг Холанддын атын бере баштады.   Анын популярдуулугу Норвегия курамасы чейрек финалга чыккандан кийин өзгөчө өскөн. Холанд турнирдеги беш оюнда жети гол киргизген.

Бишкекте 18 шаардык фонтан калыбына келтирилди

Бишкекте 18 шаардык фонтан калыбына келтирилди. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, быйыл реконструкциядан кийин жети фонтан кайра ишке берилди.   Учурда Соода үйүнүн жанындагы “Балыктар” оргумасы оңдолуп жатат. Аны бир айдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.

Кыргызстанда көчмө элчи форматы киргизилет

Кыргызстанда көчмө элчи форматы киргизилет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү норма дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга киргизилди.   Мындай элчи Кыргызстанда иштеп, ошол эле учурда кызматташтык аз болгон башка өлкөгө дайындалат. Ал зарыл учурда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана биргелешкен долбоорлорду коштоо… Кененирээк…