Ташкент – Тамчы багыты боюнча сезондук түз аба каттамы кое берилди
Ташкент – Тамчы багыты боюнча сезондук түз аба каттамы кое берилди. Каттам жумасына бир жолу – ар шаршемби сайын аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Долбоор эки өлкөнүн ортосундагы туристтик агымды көбөйтүп, Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын чыңдоого багытталган.









