Таластын Кара-Арча айылында 50 орундуу жаңы бала бакча курулду

Таластын Кара-Арча айылында 50 орундуу жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.   Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Имаратта уктоочу жана окуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, ашкана жана кабыл алуу бөлмөсү каралган.

Кытай Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясын жөнөттү

Кытай Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясын жөнөттү.   Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, жүк автоунаа аркылуу жеткирилет, ал эми өкмөт тиешелүү мамлекеттик органдарга чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүүнү тапшырды.   Ошондой эле Беларустан күйүүчү май ташуу боюнча Россия аркылуу транзит маселеси чечилген.… Кененирээк…

Кыргызстанда никени каттоого арызды эми “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот

Кыргызстанда никени каттоого арызды эми “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.   Кызматты колдонуу үчүн эки тарап тең Face ID аркылуу өздүгүн ырастап, арызга электрондук кол тамга менен кол коёт. Андан кийин документ автоматтык түрдө каттоо органына жөнөтүлүп,… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө өзүнүн атайын фондунан 300 миллион доллар бөлөт

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө өзүнүн атайын фондунан 300 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.   Анын айтымында, каражат Бишкекте жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын курууга жумшалат. Президент сунушту колдоп, зарыл болгон каражатты бөлүү чечимин кабыл… Кененирээк…

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 69 миң 467 абитуриент катышты

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 69 миң 467 абитуриент катышты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 миңге көп.   Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, быйыл ЖРТ жогорку окуу жайларына гана эмес, 11-класстын базасындагы орто кесиптик окуу жайларга тапшырууда да милдеттүү болгондуктан, катышуучулардын… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Бает айылында өтө турган кайык жарышынан улам Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында чектөөлөр киргизиле

Ысык-Көлдүн Бает айылында өтө турган кайык жарышынан улам Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.   Мелдештер 30-июлда башталып, 2-августта жыйынтыкталат. Бул күндөрү аталган жол маал маалы менен жабылып турат. Инспекторлор айдоочуларга мүмкүн болсо көлдүн… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарынын төрт тилкелүү айланма жолунун курулушу уланууда

Чолпон-Ата шаарынын төрт тилкелүү айланма жолунун курулушу уланууда.   Азыркы тапта объектте асфальт төшөө иштери башталып, көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана инженердик тармактарды куруу иштери жүрүп жатат.   Узундугу 15,6 чакырым болгон жолдун курулушуна күн сайын 417 жумушчу жана 186 атайын техника тартылууда. Долбоор аяктагандан… Кененирээк…

Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан импорттоп баштады

Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан импорттоп баштады.   Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, Беларустан ташыла турган күйүүчү май Россия аркылуу келет.   Кытайдан болсо алгачкы партиясы автоунаа менен жөнөтүлдү. Андан тышкары, Кыргызстан Өзбекстан менен да күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү… Кененирээк…

Сауд Арабиясында дүйнөдөгү алгачкы асма стадион курулат

Сауд Арабиясында дүйнөдөгү алгачкы асма стадион курулат.   Ал 350 метр бийиктикте жайгашып, 46 миң көрүүчүгө ылайыкталат. Курулушту 2032-жылы аяктап, стадионду 2034-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатына пайдалануу пландалууда.   Буга чейин ФИФА чемпионатты орозо айына байланыштуу 2035-жылдын январына жылдырышы мүмкүн экени маалымдалган. Ал эми жай… Кененирээк…

Испания курамасынын футболчулары менен машыктыруучуларына алтын шакектер тапшырылды

Испания курамасынын футболчулары менен машыктыруучуларына алтын шакектер тапшырылды.   Жалпысынан 2026 шакек жасалган. Анын 30у команда мүчөлөрүнө берилсе, калганы сатыкка чыгарылат.   Шакектер алтындан жасалып, бриллиант, сапфир жана Дүйнө чемпионатынын кубогунун элеси менен кооздолгон. Эске салсак, Дүйнө чемпионатынын финалында Испания Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип, тарыхында… Кененирээк…