Калифорния университетинин окумуштуулары санариптик эскертмелерди көп колдонуу эс тутумду начарлатарын аныкташты

Калифорния университетинин окумуштуулары санариптик эскертмелерди көп колдонуу эс тутумду начарлатарын аныкташты. Изилдөөдө айрым катышуучулар тапшырмаларды жатка эстесе, башкалары гаджеттерге жазып жүрүшкөн.   Телефон убактылуу жардам бергени менен, эскертмелер алынгандан кийин катышуучулар маалыматты бат унутушкан. Окумуштуулардын айтымында, эс тутумду чыңдоо үчүн мээни дайыма машыктырып туруу керек.

Ысык-Көл облусундагы Каракол капчыгайына унаалардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Ысык-Көл облусундагы Каракол капчыгайына унаалардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, буга Каракол дарыясындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү себеп болду.   Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат. Жергиликтүү тургундар жана туристтерге бул аймакка барбай туруусу сунушталды.

Өткөн суткада Кыргызстанда 48 миллион 400 миң киловатт-саат электр энергиясы керектелди

Өткөн суткада Кыргызстанда 48 миллион 400 миң киловатт-саат электр энергиясы керектелди. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бул акыркы күндөргө салыштырмалуу төмөн көрсөткүч.   Учурда энергосистема штаттык режимде иштеп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында оңдоо иштери уланууда. Министрлик жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине даярдык башталды

Кыргызстанда 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине даярдык башталды. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, 2028-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо пландалууда.   Мааракенин алкагында Бишкекте Айтматов ордосун куруу, жазуучу тууралуу көркөм тасманы көрсөтүү жана өлкө ичинде, ошондой эле эл аралык деңгээлде маданий жана илимий… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир жарым айга жеткирилди

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир жарым айга жеткирилди.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, өкмөт запасты 2,5 айга чейин көбөйтүүнү көздөп жатат. Күйүүчү майды Кытай жана башка өнөктөш өлкөлөрдөн жеткирүү боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле өкмөт… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө убактысы узартылды

  Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө убактысы узартылды.   Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык,  31-августка чейин өткөрүү түйүнү күн сайын эртең мененки саат 8ден кечки 9га  чейин иштейт. Чечим жайкы туристтик сезондо жүргүнчүлөрдүн көбөйгөн агымына байланыштуу кабыл алынды.

Чүй облусунун Новопокровка айылында 5,5 миллион долларлык айнек заводу курулууда

Чүй облусунун Новопокровка айылында 5,5 миллион долларлык айнек заводу курулууда. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, ишкана айнек пакеттерин жана жарыкты чагылдыруучу айнектерди чыгарат.   Долбоор кыргыз-өзбек кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылып, ишке берилгенден кийин жаңы жумуш орундарын түзүп, курулуш материалдарынын импортун азайтууга жардам берет.

Бишкекте жана Чүй, Ысык-Көл облустарында аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкекте жана Чүй, Ысык-Көл облустарында аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилди.   Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, тыюу бардык түрдөгү дрондорго, ошондой эле параплан, дельтаплан, жеңил учак жана жеке тик учактарга тиешелүү. Чектөө ШКУнун саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык иш-чаралар өтүп… Кененирээк…

Түндүк – Түштүк альтернативдик жолунун үч тилкесинде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын даярдыгы 90 пайызга жетти

Түндүк – Түштүк альтернативдик жолунун үч тилкесинде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын даярдыгы 90 пайызга жетти. “Кыргызавтожол” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпысынан 12 участокто мындай дубалдар курулат.   Алар жолдун туруктуулугун камсыздап, жер көчкү менен таш кулоо коркунучун азайтууга багытталган.

Ысык-Көл облусундагы нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү

Ысык-Көл облусундагы нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун бир бөлүгүн жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жол убактылуу ачылып, унаалар кезеги менен өткөрүлүүдө.   Ошондой эле Тоң районунда селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол эки тарапка ачылды.  … Кененирээк…