Бишкекте 5 миңден ашык абонент карызы үчүн жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте 5 миңден ашык абонент карызы үчүн жарыксыз калышы мүмкүн. Шаардык электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, электр энергиясын өчүрүү 27-июлда жүргүзүлөт.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн тургундар карыздарын алдын ала төлөп коюшу керек. Төлөмдөрдү терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүүгө болот.

3-класстар үчүн “Табигый илимдер” окуу китебинин экинчи бөлүгү 178 миң 500 нускада басылып чыкты

3-класстар үчүн “Табигый илимдер” окуу китебинин экинчи бөлүгү 178 миң 500 нускада басылып чыкты.   “Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, анын 103 миңден ашыгы кыргыз, 74 миңден көбү орус тилдүү мектептер үчүн даярдалган.   Буга чейин китептин биринчи бөлүгү да ушундай эле тираж менен… Кененирээк…

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алуунун алгачкы эки турунда абитуриенттер 61 миңден ашык электрондук талон каттады

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алуунун алгачкы эки турунда абитуриенттер 61 миңден ашык электрондук талон каттады. Анын 21 миң 600гө  жакыны бюджеттик, ал эми 39,5 миңи контракттык окууга берилген.   “Абитуриент онлайн” порталынын маалыматына ылайык, жогорку окуу жайлар 41 миң 600 абитуриентти окууга сунуштады. Алардын… Кененирээк…

Жумгал районунда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү

Жумгал районунда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү.   Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, долбоор өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.   Чаек айылынан жалпы аянты 1 гектар 80 сотых жер курулушка бөлүнүп, анда мамлекеттик ипотекалык турак жайлар салынат. Долбоор аймактагы… Кененирээк…

Кыргызстанда АИ-92 бензининин, дизелдик отундун жана суюлтулган газдын баасын жөнгө салуу боюнча ири мунай ташуучулар менен келишимдер түзүлдү

Кыргызстанда АИ-92 бензининин, дизелдик отундун жана суюлтулган газдын баасын жөнгө салуу боюнча ири мунай ташуучулар менен келишимдер түзүлдү.   Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, мындай келишимдер эми аймактардагы майда компаниялар менен да түзүлөт.   Мамлекет күйүүчү майдын негизги бөлүгү Россиядан келгендиктен, баанын кескин… Кененирээк…

Копенгаген экинчи жыл катары менен дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу шаар деп табылды

Копенгаген экинчи жыл катары менен дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу шаар деп табылды. Даниянын борбору туруктуулук, билим берүү, инфраструктура жана экология боюнча эң жогорку бааларды алды.   Адистер шаардагы велосипед жолдорун, таза суу объектилерин жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды өзгөчө белгилешет. Алдыңкы бештикке ошондой эле… Кененирээк…

Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков кызматынан бошотулду

Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков кызматынан бошотулду.   Райондук акимчиликтин маалыматына ылайык, тиешелүү чечим район акиминин буйругунун негизинде кабыл алынды.   Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Бекмамат Бактыбеков Токтогул шаарынын мэри болуп 2025-жылдын декабрь айынан бери иштеп келген.

Кырчында “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы курулуп жатат

Кырчында “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы курулуп жатат. Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдалып, көчмөндөрдүн тарыхын, маданиятын жана салтын чагылдырат.   Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, оюндардын мелдештеринин 70 пайызы ушул жайлоодо өтөт. Учурда курулуш жана инфраструктуралык иштер жүрүп жатат. Маданий программага 835 иш-чара киргизилип, коноктор үчүн жети ири… Кененирээк…

АИ-95 бензини дагы кымбатташы мүмкүн

АИ-95 бензини дагы кымбатташы мүмкүн.   Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатовдун айтымында, өлкөдө премиум класстагы бензиндин дүң баасы өсүп, аны сатып алуу барган сайын кыйындап жатат.   Андыктан АИ-95 жана андан жогорку үлгүдөгү күйүүчү майдын чекене баасы дагы өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда АИ-92… Кененирээк…

Дүйнөдөгү кырдаал турукташса, күйүүчү майдын баасы төмөндөйт

Дүйнөдөгү кырдаал турукташса, күйүүчү майдын баасы төмөндөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, азыркы баанын өсүшүнө негизинен рыноктогу тартыштык себеп болууда. Өкмөт быйылкы жеткирүүлөрдү туруктуу камсыздап, кийинки жылга жаңы өндүрүштөр жана заводдор менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү… Кененирээк…