Бишкекте аба ырайы боюнча жаңы рекорд катталды

Бишкекте аба ырайы боюнча жаңы рекорд катталды.   Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 17–19-июль күндөрү ордо калаада абанын температурасы 43,5 градуска жетип, метеобайкоолор жүргүзүлгөн тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч катталды.   Синоптиктердин маалыматында, август айында абанын температурасы климаттык нормага жакын болуп, күндүз 34–38 градус ысык болушу күтүлөт.

Кыргызстанда милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

Кыргызстанда милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.   Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, унаалар президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен сатылып алынган.   Жаңы транспорт участкалык милиция кызматкерлеринин кайрылууларга ыкчам жооп беришине, алдын алуу иштерин күчөтүүгө жана чакырууларга жетүү убактысын кыскартууга шарт… Кененирээк…

Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводунун аймагында сакталган 80 тоннага жакын уулуу химиялык калдыктарды коопсуз зыянсыздандыруу долбоору башталды

Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводунун аймагында сакталган 80 тоннага жакын уулуу химиялык калдыктарды коопсуз зыянсыздандыруу долбоору башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.   Долбоор Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана “Росатом” менен биргеликте ишке ашырылат. Практикалык иштер ноябрда башталып, долбоорду 2027-жылы аяктоо пландалууда.

Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Баткен шаары, Баткен жана Кадамжай райондорунда ички жолдор, сугат каналдары, электр мамычалары жана турак жайлардын короолору жабыркаган.   Сел учурунда куткаруучулар Жаңы-Достук айылында сайдын ортосунда калган 5 адамды коопсуз жайга чыгарып, “Алтын-Бешик” лагеринен… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жаңы чакан ГЭС курула баштады

Жалал-Абад облусунда жаңы чакан ГЭС курула баштады.   Өнүктүрүү мамлекеттик банкы Коңур-Өгүз дарыясында курула турган “Коңур-Өгүз” чакан ГЭСинин долбоорун каржылап баштады.   Станциянын кубаттуулугу 3,5 мегаватт болуп, жылына 15,6 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Долбоор өлкөнүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп, аймактын энергетикалык камсыздоосун жакшыртууга… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда.   Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объекттин курулушу ушул жылдын март айында башталган. Учурда имараттын экинчи кабатынын колонналары орнотулуп, иштер активдүү жүрүп жатат.

Ысык-Көлдө жол кыймылы убактылуу чектелет

Ысык-Көлдө жол кыймылы убактылуу чектелет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 30-июлдан 2-августка чейин Бает айылында суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.   Буга байланыштуу Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда кыймыл маал-маалы менен убактылуу токтотулат. Айдоочуларга зарылчылык болбосо бул багытка алыс… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилүүдө

Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилүүдө. Жаратылыш ресурстары министрлигинин адистери көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги пляждардан суу үлгүлөрүн алышты.   Мындай текшерүү туристтик сезон башталганга чейин, сезондун кызуу маалында жана ал аяктагандан кийин жылына үч жолу жүргүзүлөт. Алынган үлгүлөр химиялык анализге жөнөтүлүп, жыйынтыгы тиешелүү кызматтарга керектүү чараларды… Кененирээк…

Миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн соттун чечими менен 450 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылды

Миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн соттун чечими менен 450 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылды. Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, 7 миң 900дөн ашуун адам административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпысынан 65 миллион сомдон ашык айып салынды.   Дагы 39 чет өлкөлүк жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле… Кененирээк…

Өлкөдө сел боюнча антирекорд катталды

Өлкөдө сел боюнча антирекорд катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда сел жана суу ташкынынын 348 учуру катталган.   Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу дээрлик беш эсе көп. Табигый кырсыктан 2 миңден ашык объект, анын ичинде үйлөр, жолдор, көпүрөлөр жана электр мамылары… Кененирээк…