Таласта 165 млн сомго курулган жаңы борбордук сейил бак ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарындагы борбордук сейил бактын ачылыш аземине катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы Талас шаарынын тургундарын жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, мамлекет шаарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сом бөлгөнүн жана учурда облуста социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуп жатканын белгиледи. “Өлкөнүн бардык аймактарында… Кененирээк…

Таласта МИКтин 319 батирлүү турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган 319 батирлүү «Тынчтык ордо» турак жай комплекси пайдаланууга берилип, батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, салтанаттуу аземге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жаңы конуш ээлерин президенттин атынан куттуктады. Ал турак жай курулушу… Кененирээк…

Ала-Букада мөндүр аралаш жамгыр жаап, эгинге зыян келтирди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кыска мөөнөттө мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен айрым айылдардагы айыл чарба жерлерине зыян келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.   Баштапкы маалыматтарга ылайык, Ала-Бука айыл аймагына караштуу Соломо, Хажар, Кош-Алмурут, Баймак, Ызар айылдарында жана Т.Балтагулов айыл аймагындагы Падек, Ак-Коргон… Кененирээк…