Ысык-Көл облусунун тургундары акысыз юридикалык жардам ала алышат
Ысык-Көл облусунун тургундары акысыз юридикалык жардам ала алышат. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 28-июлдан 30-июлга чейин аймакта “Тилектештик автобусу” аттуу акция өтөт. Анын алкагында адвокаттар, юристтер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Барскоон, Дархан жана Жети-Өгүз айылдарынын тургундарына акысыз укуктук кеңеш беришет.









